Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков 51 млн сом төлөп үй камагына чыкты

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 миллион 220 миң сом зыяндын ордун толтуруп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

«Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды, Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков импорт менен алектенген жеке компаниялардын кызыкчылыгын сүрөмөлөп, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды түзгөнү аныкталган.

«Бажы мыйзамдарын одоно бузуу менен, бажы жетекчилигинен товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылар аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке баюу максатында бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысын негизсиз ашыра көтөргөн», — деп белгилейт ведомство.

Адилет Кубанычбековдун кармалышы

Адилет Кубанычбеков үстүбүздөгү жылдын январь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «коррупцияга» шектелип кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бажынын жетекчилиги «товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөп, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузуу менен аларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берген».

Атайын кызмат бажычылар мындай схеманы «такай пара алып туруу үчүн» жасаганы далилденгенин белгилеген.

Кубанычбеков кармалгандан кийин УКМКнын имаратынын алдында 70ке чукул киши митингге чыгышкан. Алар Кубанычбековду боштонууну талап кылышкан.

Ал эми 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбековду 17-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын башчысы болуп 2021-жылдын октябрь айында дайындалган. Ал эми Factcheck.kg басылмасы Кубанычбековдун атына алты компания катталганын, анын бешөө ишмердүүлүгүн улантып жатканын аныктаган.