УКМК Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармады

Адилет Кубанычбеков

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков «Коррупцияга» шектелип кармалды. Бул тууралуу 17-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат мамлекеттик органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү териштирип, анын натыйжасында Бажы кызматынын жетекчилигинин катышуусунда «ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган».

«Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана такай пара алып туруу үчүн товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы далилденди», — деп берилет УКМКнын маалыматында.

Мындан сырткары, УКМКдан бажынын жетекчилиги «мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып, жеке баюу максатында» Тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн бажы кызматтарынын баасын ашыра баалаган деп билдиришти.

Атайын кызматы аталган факты боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Кубанычбековду УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Адилет Кубанычбеков

Адилет Кубанычбеков бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында дайындалган. Көп өтпөй ал «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылган экс-бажычы Райымбек Матраимовдун схемаларына тиешеси бар делген 40 бажычынын көбү кызматтан алынганын билдирген.

Ал эми Factcheck.kg басылмасы Кубанычбековдун атына алты компания катталганын, анын бешөө ишмердүүлүгүн улантып жатканын аныктаган.

Журналисттер Кубанычбековдун «Silk Way индустриалдык паркы» компаниясы дүң соода-сатык менен алектенгенин ачыктаган. Компанияга караштуу индустриалдык парк 70 гектар аянтка курулуп жатат. Silk Way кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашып, анда соода-экспозициялык павильондор, кампалар, тигүүчү фабрикалар, бажы-логистикалык терминалдар орун алат.

Өз кезегинде «“Silk Way” индустриалдык паркы» уюм жана компанияны негиздеген: «Текстиль ѳнѳр жай ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Силк Вей корпорациясы» ЖЧКсы. Компаниянын директору катары Лю Ин көрсөтүлгөн.

Ошондой эле бажынын башчысына 2018-жылы катталган «Силк Вэй» курулуш компаниясы турак жана турак эмес жайларды куруу менен алектенет. Кубанычбековдон сырткары компаниянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Лю Ин жана Лу Кан бар. Компания жалпысынан 1,2 млн сомдук салык төлөгөн.

Адилет Кубанычбеков негиздеген «Кыргыз Энерго Сбыт» ЖЧКсы электр энергиясын бөлүштүрүү менен алектенет. Негиздөөчүлөрдүн арасында Кубанычбек Бакиев бар — ал парламенттик шайлоого №15 Базар-Коргон шайлоо округунан аттанууда. Аталган компанияга Лю Ин дагы ээлик кылат.

«КыргызНефть» жана «Силк Вей Терминал» ЖЧКлары да Адилет Кубанычбековго караштуу. Эки компания тең Бишкектин Алма-Ата көчөсүндө катталган.

Ал эми «Силк Вей Терминал» компаниясы 2021-жылдын 13-августунда үч компания негиздеген, алар:

ТЕМА БОЮНЧА:

Factcheck.kg: Бажы кызматынын төрагасы ири ишкер болуп чыкты, ага алты компания катталган