Factcheck.kg: Бажы кызматынын төрагасы ири ишкер болуп чыкты, ага алты компания катталган

Адилет Кубанычбеков

Factcheck.kg басылмасы бажы кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Адилет Кубанычбековдун атына алты компанияга катталганын аныктады. Анын бешөө учурда ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Алардын арасында «Silk Way индустриалдык паркы» компаниясы бар.

Басылманын маалыматына ылайык, Кубанычбековго таандык компаниялардын баары 2018-жылдан кийин катталган жана Юстиция министрлигин сайтында ал дагы деле негиздөөчүлөрдүн арасында бар.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренеси боюнча мамлекеттик кызматкерге ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынган.

Silk Way паркы

Юстиция министрлигинин базасында Кубанычбековдун «Silk Way индустриалдык паркы» компаниясы дүң соода-сатык менен алектенери жазылган жазылган. Компанияга караштуу индустриалдык парк 70 гектар аянтка курулуп жатат. Silk Way кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашып, анда соода-экспозициялык павильондор, кампалар, тигүүчү фабрикалар, бажы-логистикалык терминалдар орун алат.

2018-жылы Чүйдүн Аламүдүн райондук администрациясы индустриалдык парктын курулушу мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканын аныктаган. Журналисттердин маалыматы боюнча «Silk Way индустриалдык паркы» 2019-жылдан тарта мамлекетке 4,2 млн сом салык төккөн.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Silk Way’ге караштуу логистикалык борборго Бажы кызматынын ошол кездеги төрагасы Самат Исабеков барып, курулуштун жүрүшү менен таанышкан.

Өз кезегинде «“Silk Way” индустриалдык паркы» уюм жана компанияны негиздеген: «Текстиль ѳнѳр жай ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Силк Вей корпорациясы» ЖЧКсы. Компаниянын директору катары Лю Ин көрсөтүлгөн.

«Силк Вэй» курулуш компаниясы

Ошондой эле бажынын башчысына 2018-жылы катталган «Силк Вэй» курулуш компаниясы турак жана турак эмес жайларды куруу менен алектенет. Кубанычбековдон сырткары компаниянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Лю Ин жана Лу Кан бар. Компания жалпысынан 1,2 млн сомдук салык төлөгөн.

Адилет Кубанычбеков негиздеген «Кыргыз Энерго Сбыт» ЖЧКсы электр энергиясын бөлүштүрүү менен алектенет. Негиздөөчүлөрдүн арасында Кубанычбек Бакиев бар — ал парламенттик шайлоого №15 Базар-Коргон шайлоо округунан аттанууда. Аталган компанияга Лю Ин дагы ээлик кылат.

«КыргызНефть» жана «Силк Вей Терминал» ЖЧКлары да Адилет Кубанычбековго караштуу. Эки компания тең Бишкектин Алма-Ата көчөсүндө катталган.

Ал эми «Силк Вей Терминал» компаниясы 2021-жылдын 13-августунда үч компания негиздеген, алар: