Ош шаарында ата-энеси тарабынан турмушка чыгууга мажбурланып жатканын айткан 18 жаштагы кыз милицияга арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» калаадагы «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова билдирди.
Асилбекованын айтымында, ата-энеси кызынын каршылыгына карабай тойду 15-16-майга белгилешкен. Ошол эле учурда жакындары аны эч ким менен байланыштырбай, телефонун алып коюшкан.
Кыз айласы кеткенде турмушка чыгууга макул экенин айтып, телефонун кайтарып берүүнү суранган. Телефонун кайтарган соң кризистик борборго байланышып, 14-май күнү «Ак-Жүрөккө» алынып келинген.
Асилбекова кыз борборго келгенден кийин артынан туугандары келип ызы-чуу салганын айтты. Борбордун жетекчиси милиция чакырууга аргасыз болуп, кыз жакындарынын үстүнөн арыз жазган.
«Азыр ал бизде психологиялык жана юридикалык жардам алууда. Кыз ата-энесине нааразы болуп “убара болбогула, мен үйгө кайтып барбайм” деп жатат», — деди Асилбекова.
Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» кыз арыз жазганын тастыктады. Ал учурда кызды никеге мажбурлап тургузуу фактысы текшерилип жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда кыздарды жакындары никеге турууга мажбурлашат же болбосо никеге туруу үчүн уурдашат. Көп учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринен майнап чыкпайт. Анткени иш жүзүндө жазага дээрлик эч ким тартылбайт.
Мисалы, 2021-жылы «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренелери боюнча 560 факты катталган.
Анын 82си гана сотко өтүп, 460 иш кыскарып кеткен. Калган иштер өндүрүштө экени айтылган.
«Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.
Анткени 2020-жылы аталган берене боюнча катталган 210 иштин 11 гана сотко өтүп, калганы кыскарып кеткен. Ал эми 2016-2020-жылы сотко жеткен иштерде 43 шектүүнүн 9у гана абак жазасына тартылган.
Кененирээк окуңуз: Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи
Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:
- «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
- «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
- ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
- «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
- «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
- «Ак жүрөк» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
- ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
- НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
- «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
- «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
- «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
- ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
- «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
- «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
- Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.