Башпрокурор: 2021-жылы аялдарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факт катталды

2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттин эки комитетинин биргелешкен жыйынында айтты.

Анын айтымында, бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

«82 иш сотко жөнөтүлгөн, 460 иш кыскартылган, өндүрүштө дагы 14 иш бар», — деп билдирди Зулушев.

Аялды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо

Кыргызстанда аялдарды жана кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатына уурдоого байланышкан окуялар дээрлик күн сайын катталат.

Алардын көбү укук коргоо органдарына кайрылышпайт, кысым менен уурдагандардын үйүндө калышат. БУУнун гендердик маселелер боюнча отчётуна ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө кызды уурдоо аркылуу курулган.

Колдонуудагы Жазык кодексине ылайык, никеге туруу максатында адам уурдоо үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете элек баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине тургузуу үчүн уурдоо 7 жылдан 10 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазаланат.

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 97-орунду ээлеген. Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган.

Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча бирден-бир резонанстуу учур 27 жаштагы Айзада Канатбекова менен 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын окуясы болгон.

Тема боюнча окуңуз: Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Наргизанын окуясы, «Бир жолу мени ала качып кетиши…» Элзаданын окуясы,«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Алиянын окуясы, «Бир жолу мени ала качып кетишти…» Бегайымдын окуясы, «Бир жолу мени ала качып кетишти…» Назиктин окуясы