Арт: 13 жашар кыздын зордукталганы тууралуу кабарга Байсаловдун реакциясы

Дизайнер Нурбек Насыранбеков минкабдын төрага орун басары Эдил Байсаловдун 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу кабарга карата комментарийинен улам иллюстрация тартып, соцтармакка жүктөдү.

Бул кылмышка төрт киши шектелип жатат, экөө милиция кызматкери.

Иллюстрацияда «Бул жерде ЖМКга жазып, айтып чыга тургандай эч нерсе болгон жок» деп сүйлөгөн Байсаловдун сүрөтү түшүрүлгөн. Анын артында милиция кызматкерлери кичинекей кызды мазактап, колу менен кармаганга аракет кылып жатат.

Иллюстрация: Нурбек Насыранбеков.

Буга чейин Байсалов Твиттер барагына өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча маалыматтарга комментарий берип мындай деп жазган: «Бул окуя тууралуу дагы жазып, кайгыны кайра көбөйтүштүн эмне кереги бар?». Ал ошондой эле ойлонуп турган быйтыкча да кошуп койгон.

Минкаб төрагасынын орун басарынын твиттерде айткандары Twitter’дин колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Эдил Байсаловдун твиттеринен скриншот.

Февралдын аягында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир күн мурда ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дерлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козгон ишти териштирүү да аяктап калган.

Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.

Тема боюнча: Бишкек: 13 жашар кызды зордуктоо ишине байланыштуу милиция кызматкери кармалды

«13 жаштагы кызды зордуктоо иши». Дагы бир милиция кызматкери кармалды