Бишкек: 13 жашар кызды зордуктоо ишине байланыштуу милиция кызматкери кармалды

Бишкек ШИИББдин Ички иликтөө кызматы 3-мартта Свердлов РИИБдин аймактык тескөөчүсүн 13 жаштагы кызды «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого» шектеп кармады.

Шаардык милициядан 34 жаштагы милициянын лейтенанты убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти.

Биринчи май РИИБи 21-февралда жашы жете элек кызды «зордуктоого» шектеп 19 жаштагы кишини кармап, эки айга камакка алган болчу. Кийин өспүрүм кыздын ата-энеси Адыл Акжол уулунун Youtube-каналына маек куруп, кызын «үч милиция кызматкери дагы сексуалдык катнашка мажбурлап, жарым жылдан бери зордуктап жүргөн» деп айтып беришкен.

Алар ЖМК аркылуу президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, кылмышка катышытыгы бар делген үч милиция кызматкерине мыйзамга ылайык катуу чара көрүнү суранган. Бул маалыматты Бишкек ШИИББнин ички иликтөө кызматы териштире баштаган.

22-февралда тергөө учурунда чогултулган баардык материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлүп, «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы учурда тергөө амалдары уланып жатканын белгиледи.

Дагы окуңуз:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Таласта 13 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү кабарланды

Түптө 8-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калды, милиция териштирүүнү баштады