13 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча ишти тергөө учурунда одоно мыйзам бузууларга жол берилгени үчүн кайра кароо керек. Бул тууралуу аялуу жаштарды социалдык жактан коргоо боюнча Oasis фондунун башчысы Мээрим Осмоналиева Фейсбуктагы барагында билдирди.
Осмоналиева жабыркаган кызды суракка алууда социалдык кызматкерлер жана психолог катышпаганын айтып берди. Ал тергөөчүлөр эске алган кыздын бардык көрсөтмөлөрүн толук эмес деп эсептөө керек деп ойлойт.
«Кызды ата-энеси, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана психологдун катышуусу жок Биринчи май РИИБде эки саат сурашкан. Кызга психологиялык басым болгон. Тергөөчү бүгүнкү күнгө чейин жабырлануучунун ата-энесине кылмыш иши кзголгондугу, шектүүгө айып тагылганы, кылмыш иши сотко өткөндүгү тууралуу токтомдорду бере элек», — деп билдирди Осмоналиева башка да одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин кошумчалап.
Осмоналиеванын айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан жасалган соттук-медициналык экспертиза күмөн жаратат. Ошондуктан ал баардык стандарттарды эске алуу менен психологдун/психотерапевттин, социалдык кызматкердин жана тажрыйбалуу адвокаттын катышуусунда ишти кайра карап чыгуу керек деп эсептейт.
13 жаштагы кыздын зордукталышы
Февралдын аягында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир күн мурда ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дерлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон. Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козгон ишти териштирүү да аяктап калган.
Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.
Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин токтогон эмес.
Өспүрүм зордуктоого кабылганы тууралуу үй-бүлөсү кокусунан билип калган. 16-феврала кыз мектептен кийин үйүнө кайтып келген эмес. Ошол күнү ал апасынын SIM-картасын колдонгон.
Кийинчерээк үй-бүлө кызын милиция бөлүмүнөн табышкан. «"Эмне болду" десек, "маршрутка албай кечигип кетти" деп койду» деп айтышкан кыздын ата-энеси.
Сексуалдык зомбулук тууралуу эртеси күнү маалым болгон. Кыз мектепке кеткенде апасынын SIM-картасына «Кандай жетип алдың?» деген билдирүү келген.
Ал эми кыздын агасы кат жазган адам менен өзүн жигити катары тааныштырып байланышканда шектүү ага «ал кыз менен сүйлөшпөй эле койчу, иши бүтүптүр, колдон колго өтүп кетиптир» деп жооп кайтарган.
Кыздын атасы арыз берген күнү оперативдүү кызматкер кызды милиционерлер жөнүндө айтпоосун талап кылганын айтып берген.
« [...] Көрсө, ал кызымдан тиги зордукчулардын аттарын, телефон номурларын сурап алып, ошол жерден эле алар менен байланышыптыр. Кызыма болсо, "сенин ишиң боюнча бул бала камалат, башкалар тууралуу айтпа" дептир», — деген кыздын атасы.
Кыздын ата-энеси айыпталуучу тараптын адвокаттары улам эле алардын бирин оорукчан, экинчисин психикалык жактан соо эмес дегендей справкаларды сотко тапшырып жатышканы кооптонушууда. Алардын айтымында, мурда соттолгон айыпталуучулардын бирин « акыл-эси ордунда эмес» деп, анын көрсөтмөлөрүн жокко чыгаруу аракети да болуп жатат.
«Мурдараак менин кызымды атайын психологдордун жардамы менен психдиспансерге жаткырууга аракет кылышкан. Кызым өзү көнбөй, жатпай койгон эле. Балким, аны да психикасы жабыркайт деп диагноз коюп, баары кутулуп кетүүгө аракет кылышмак. Анткени сотто бири да күнөөсүн мойнуна албай, менин кызымды "оозуна келгенди оттоп жатат" деп жатышат», — деген жабырлануучунун атасы.
5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн.
Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан. Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген.
Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.
Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.
Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен.
Тема боюнча окуңуз: «Аялдарды жана балдарды коргоо». Активисттер президенттин жообуна канааттанган жок