«Аялдарды жана балдарды коргоо». Активисттер президенттин жообуна канааттанган жок

«Аялдардын жана кыздардын укугун коргоо» кыймылы президент Садыр Жапаровдун аялдарга карата зомбулуктун өскөнүнө байланыштуу кайрылууга берген жообуна канааттанган жок.

«Тилекке каршы, биз өлкөнүн аялдарын жана балдарын коргоо мамлекет башчысы үчүн да, ар бир министр үчүн да биринчи кезектеги максат эмес экенин көрүп турабыз», — деп билдиришти укук коргоочулар дагы деле президент менен жолугушууну күтүп жатканын кошумчалап.

Аялдардын укуктарын коргоочулар өлкө эки жылдан бери Гендердик теңчиликке жетүүнүн улуттук стратегиясы (ГТЖУС) жана ага карата Улуттук план (УП) жок күн кечирип жатканын белгилешти. Алардын айтымында, бул долбоорлор эбак эле иштелип чыкканы менен узактан бери Министрлер кабинетинин кароосунда жатат.

«Минкабдын түзүмндөгү өзгөртүүлөрдөн бери Аялдардын иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин бир дагы жыйыны болгон жок. Жогорку Кеңеш минкабдын демилгеси менен 2022-жылдын июлунда мыйзамсыз чечим кабыл алып, Балдар кодексинин жаңы редакциясын жокко чыгарган. Анда балдарды зордук-зомбулуктан коргоонун натыйжалуу механизмдери бар болчу. 2021-жылдын декабрында сиз [президент] Балдар кодексинин жаңы редакциясына кол коюуну убада кылгансыз, бирок азыркыга чейин андай боло элек», — деп кыймыл президентке кайрылды.

Укук коргоочулар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерине 500 социалдык кызматкер, калкты маалымдоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн 25 млн сом бөлүү убадаланганын, бирок бул маселе дагы деле чечиле электигин эске салышты.

«Эмгек министрлигинин гендердик саясат боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмү дайыма кадрдык кыскартууларга тушугат. Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги биригип, андан ары кайра бөлүнүп чыккандан кийин Эмгек министрликке үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана коргоону координациялоо боюнча милдетти жүктөй турган ченемдик укуктук документ кабыл алынган эмес», — деп билдирди кыймыл.

Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү тарбиялоо программалары иштебей жатканын дагы белгилешти. Алардын айтымында, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга кызмат көрсөтүү жаатында бир гана муниципалдык кризистик борбор иштейт. Ал эми аядар жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, калкка маалымат берүү мамлекеттик теле-радио каналдарды, билим берүү системасын, Маданият министрлигин жана жергиликтүү бийлик органдарын кызыктырбайт.

«Бул шартта вице-премьер-министр [Эдил Байсалов] менен премьер-министр [Акылбек Жапаров] өлкөнүн имиджин жана туристтерди чочутуп албоо үчүн ЖМКны аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук тууралуу маалыматтарды чыгарбоого үндөп жатат. Зомбулук маселесин чечүү үчүн коомдун бардык секторун тартып, маселе бар экенин моюндап, аны чечүүчүн үстүндө иштеп, талкуулаш керек деп жооп берет элек», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Укук коргоочулар аялдар жана балдар күйөөлөрүнөн жана ата-энелеринен коркпой-үркпөй, көчөдө ээн-эркин жүрө алышы үчүн алардын коопсуздугун камсыздоо зарыл, ошондо гана ЖМКдагы маалыматтарга тынчысызданбаган күн келет деп эсептешет.

«Инвестициялык климат жана туризмдин өнүгүшү үчүн коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү маанилүү критерий болуп эсептелет», — деп жыйынтыкташты укук коргоочулар.

Кыймылдын президентке кайрылуусу

5-июлда жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү балдарга жана аялдарга карата зомбулук өсүп жатканына көңүл бурууну суранып президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президентке эки милиция кызматкери тарабынан зордукталып жүргөн 13 жашар кыздын окуясынын шартында кайрылышкан.

Тема боюнча окуңуз: Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда

«Зомбулукка жол берип коюу жашоонун бардык чөйрөсүнө кулачын жайып, биздин коомдун деградациясына алып келет. Мындай кырдаалдын жаралуусу сиздин жеке кийлигишүүӊүздү талап кылат, мындан ашык созууга жана күтүүгө болбойт», — деп эскертишкен алар.

Кайрылууда укук коргоочулар президенттен укук коргоо органдарында жана сот системасында аялдардын конституциялык укуктары утур-утур бузулуп келе жатканына көңүл бурууну суранышкан. Алар кечиктирилгис мыйзамдык чараларды кабыл алууну жана президенттин кеңешчилеринин курамына гендердик маселелер боюнча кеңешчининин институтутун киргизүүнү дагы суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп айтышкан.

«Балдарга карата зомбулук маселеси Балдар укуктары боюнча атайын өкүл Асел Чынбаеванын жеке көзөмөлүнө алынган жана бул багыттагы маалыматтар өз убагында президентке жеткирилип турат», — деп ишендиришкен президенттин администрациясынан.

Дагы окуңуз: «Милициянын арасында да айбандар бар». Акылбек Жапаров 13 жашар кыздын окуясы боюнча үн катты

Арт: 13 жашар кыздын зордукталганы тууралуу кабарга Байсаловдун реакциясы