Ысык-Көл облусунда церебралдык шал оорусунан (ДЦП) жабыркаган 16 жашар кыздын зордукталышы боюнча иликтөө иштери уланууда. Жабырлануучуну зордуктоого шектелип 70 жаштагы коңшусу кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.
Рузиев кылмыш иши 2022-жылдын апрель айында козголгонун белгилеп, ошондо эле өспүрүм зомбулукка кошунасын айыптаганын айтат. Бирок тергөө өнүгүүсүндө көйгөйлөр бар деген жүйөө менен кыздын айткандарына ишенген эмес.
«Соттук ДНК-экспертизанын жыйынтыгын алдык. Кыздын 70 жаштагы кошунасы расмий шектүү деп табылды. Ал өспүрүмдү былтыртан бери зордуктап жүргөн. ДНК-экспертизанын жыйынтыгынан кийин тергөөчүлөр ишти кайра жандантты, буга чейин шектүүлөр жок болчу. Ишемби күнү сот отуруму өттү — шектүү бир айга камакта калтырылды. Ал 70 жашта. Анын бир уулу милиционер, мурда баласы аркылуу кутулуп кетүүгө аракет жасаган», — деп билдирди укук коргоочу.
Укук коргоочунун айтымында, экспертизага каражатты облусттук администрация, айыл өкмөтү жана Бишкектеги бейөкмөт уюмдардын бири бөлүп берген.
«17-июлда Түп райондук соту шектүүнү бир айга ТИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды», — деп билдирди Рузиев.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда ДЦП менен ооруган өспүрүм кыз зордуктулганы тууралуу 2022-жылдын апрелинде белгилүү болгон. Милицияга арызды кыздын энеси жазган. Ал кызды киринтип жатып боюнда бар экенин байкаган. Кийин кош бойлуулукту врач дагы тастыктаган.
5-апрелде Бишкектен барган Акушер-гинекологдор ассоциациясынын өкүлдөрү кыздын ден соолугуна байланыштуу Ысык-Көл облустук ооруканасында кеңешме өткөрүшкөн. Ага шашылыш түрдө кесарево жасалган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Бейшекан Жайлымышова операциядан кийин кыздын баласын сактап калууга мүмкүн эмес болгонун билдирген.
«Операция жасалбаса, бейтап өлүп калмак. Ымыркайды сактап кала алган жокпуз, салмагы абдан кичинекей — 500 граммга чейин экен», — деп билдирген Жайылмышова.
Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдарга карата зордук-зомбулук
Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптуулугу бар. Алар инфраструктура, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана албай, жумуш иштөө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, коомдо байкалбай, кабыл алынбай келишет. Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.
Кыргызстанда бардык аялдар абдан аялуу, ал эми майыптыгы бар аялдар андан эки эсе аялуу.
«Майыптыгы бар кыздар дискриминацияга эки эсе туш болушат. Биринчиден аял болгону үчүн, экинчиден майып болгону үчүн. Алар зордуктоо болгон учурда алсыз болушат», — деген «Теңдик» майыптар союзу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова.
«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы
Эгерде зордук-зомбулукка же турмуштук кыйынчылыктарга кабылсаңыз билим алуу, жумуш менен камсыздоо, социалдык жактан колдоо боюнча жардам көрсөтүүчү «Теңдик» майыптар союзуна кайрылсаңыз болот.
Тел: 0771 627 525, 0700 627 525
Эл. дареги: ravenstvokg@gmail.com, ravenstvo-ik@mail.ru
Андан тышкары, кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот — бул жерден өзүңүзгө жакын аралыктагы кризистик борборду тапсаңыз болот:
«Миңдеген айымдарга жардам». Кыргызстандагы кризистик борборлор жөнүндө беш факт