Ысык-Көл: Милиция майыптыгы бар 16 жаштагы кызды зордуктоо фактысын иликтейт

Ысык-Көлдүн Түп районунда эркек киши майыптыгы бар 16 жаштагы кызды зордуктап, кыздын боюнда болуп калган. Маалыматты «Клоопко» облустук Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Милициядан факт Түп РИИБде 1-апрель күнү, кыздын апасынын кайрылуусунан кийин катталганын айтышты.

«Аталган факт боюнча тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти ОИИБден.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн боюнда бар экенин энеси кызын киринтип жатып байкаган. Кийин бул медициналык кароодо дагы тастыкталган.

Ведомстводон экспертизанын корутундусу жана дагы башка далилдер табылгандан кийин гана шектүү тууралуу маалыматтар берилерин айтышты. Учурда иш тергелип жатат.

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптуулугу бар. Алар инфраструктура, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана албай, жумуш иштөө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, коомдо байкалбай, кабыл алынбай келишет. Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.

Кыргызстанда бардык аялдар абдан аялуу, ал эми майыптыгы бар аялдар андан эки эсе аялуу.

«Майыптыгы бар кыздар дискриминацияга эки эсе туш болушат. Биринчиден аял болгону үчүн, экинчиден майып болгону үчүн. Алар зордуктоо болгон учурда алсыз болушат», — деген «Теңдик» майыптар союзу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова.

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы

Эгерде зордук-зомбулукка же турмуштук кыйынчылыктарга кабылсаңыз билим алуу, жумуш менен камсыздоо, социалдык жактан колдоо боюнча жардам көрсөтүүчү «Теңдик» майыптар союзуна кайрылсаңыз болот.

Тел: 0771 627 525, 0700 627 525

Эл. дареги: ravenstvokg@gmail.com, ravenstvo-ik@mail.ru

Андан тышкары, кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот — бул жерден өзүңүзгө жакын аралыктагы кризистик борборду тапсаңыз болот:

«Миңдеген айымдарга жардам». Кыргызстандагы кризистик борборлор жөнүндө беш факт