Чүй облусунун Западное айылында 7 жыл мурда мектептин курулушу башталган, бирок дагы деле курулуп бүтө элек. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине жергиликтүү кеңештин депутаты Зумрият Резаханова билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы бийлик «Жерүй» алтын кенинен алынган каражатка жаңы мектеп курууну убадалаган. Жаңы имарат 2017-жылы эле пайдаланууга берилиши керек эле.
«Башында панелден курулуучу мектеп эмнегедир кыштан тургузула баштаган. Аз келгенсип бүткүл мектепти болгону эки киши куруп жатат», — деп айтып берди Резаханова.
Курулуш, деп баса белгиледи ал, мектептин дубалын тургузуу менен эле токтоп калган, дубал болсо азыр урай баштаган. Депутат бийликке кайрылгандан кийин айылга аткаминерлер келип кеткен. Алар мектептин курулушу 2022-жылдын жаз мезгилинде уланат деп убада беришкен.
«Ошону менен бүттү. Ушуга чейин [мектеп] жок», — деп баса белгиледи ал. Ошондой эле мектеп айылдагы жалгыз «көзгө басар» мурдагы стадиондун ордуна курулуп жатканын кошумчалады.
Депутат айылда орто билим берүү мекемеси жок болгондуктан ата-энелер үй сатып алып, аны мектеп тибинде жабдышканын кошумчалады. Учурда балдар ал жерде үч смен менен окушат, имарат авариялык абалда.
Западное айылындагы айрым балдар коңшу айылдагы мектепке барышарын, бирок ал мектепте деле окуучулардын саны нормадан көп экенин айтты Резаханова.
Жергиликтүү депутаттын айтымында, балдарды ал мектепке чейин атайын транспорт алып барышы керек. Бирок, көнүп калгандай эле, ал автобус балдарга эмес эле, башка жүргүнчүлөргө толуп калат. Андан тышкары мект еп автобусунун иш графиги балдардын сабактарынын кезметине дал келбейт.
«Башка маршруткалар балдарга атайын автобус бар деп балдарды салбайт. Мен бригадирден кандай акың бар деп сурадым. Алар [окуучулар] да Кыргызстандын жарандары. Ал сабакка кечигип калсачы? Биринчи сабакка баруунун кажети жок болсочу? Эмне, балдар коомдук транспортту пайдаланууга укугу жокпу?» — деп кейиди Резаханова.
Ал жергиликтүү тургундар мектепти куруу үчүн демөөрчүлөрдү табууга даяр экенин кошумчалады. Бирок, мектепти мамлекет куруп баштагандыктан аны андан ары улантып кура да, же тескерисинче буза да албай жатышат.
Кыргызстандагы мектептер
Акыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандагы авариялык мектептердин саны 204кө жетет — бул өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп авариялык абалда дегенди түшүндүрөт.
Мындай мектептерде балдар күн сайын өз өмүрлөрүн тобокелге салып окуп жатышат. Авариялык абалдагы мектептердин дээрлик баардыгы —204түн 192си айыл жеринде жайгашкан. Көпчүлүгү долбоорлоо менен салынган эмес.
Өлкөдө дагы 400 мектеп капиталдык ремонтко муктаж жана авариялык мектептердин тизмесине кошулуп калуу ыктымалдыгы бар. Түрдүү баалоолорго караганда, өлкөдөгү мектептердин төрттөн бири, айрым булактарга караганда үчтөн бири кейиштүү абалда. Аталган мектептерде күн сайын эң аз дегенде 300 миң бала окуйт.
Авариялык мектептер жылдар бою ремонттолбой, ал эми пландалган жаңы мектептер курулуп бүтпөй келет.
Тема боюнча окуңуз: «Балдарыбыздын билим алууга укугу жокпу?». Мектеби жок айыл
Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан
Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!
Нарын: 20 градуска кыйшайып калган мектеп урап калуу коркунучунда турат