Бишкекте соода борборунун алдында аялды сабаган киши кармалды

Шектүү

Бишкекте соода борборунун алдында аялды сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-сентябрда саат 17:00 чамасында милицияга Фучик көчөсүндөгү соода борборунун алдында киши аялын сабап жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Милиция жерине барып, шектүү алгач аял менен айтыша кетип, андан соң анын денесине жаракаттарды келтиргенин аныктаган.

Аталган факты боюнча милиция «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.