Жогорку Кеңештин жети депутаты «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелешти. Мыйзам долбоору 14-октябрда коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзамды иштеп чыккан эл өкүлдөрү: Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чынгыз Айдарбеков.
Мыйзам долбоорунда фейктер тууралуу мыйзам «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик-процесстик кодексинин жоболоруна каршы келери жазылган. Анда, авторлордун айтымында, ансыз деле мамлекеттик органдардын чечимдерин кароо жана даттануу жол-жоболору такталган.
Ошондой эле, документте Конституциялык принциптерге ылайык, Кыргызстанда сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбейт турганы белгиленген.
«Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку трагедиялуу Баткен окуялары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ролу маанилүү экендигин көрсөткөндүгүн белгилеп коюу керек. Журналисттердин жана блогерлердин кайгылуу окуяларды жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдердеги ар кандай сайттарда биримдикте, чынчыл жана ачык-айкын чагылдыруусу ыплас маалымат согушунда биздин өлкөнүн жеңип чыгуусуна мүмкүндүк берди», — деп айтылат маалымкат негиздемесинде.
Эл өкүлдөрү «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн басмырлаган жана сайтты жоюу тууралуу иштерди кароого бир жактуу мамилени орноткон күч-таасири өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомдун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүндүгүн кошумчалашты.
Мындан улам демилгечилер интернет тармагында ага карата анык эмес (жалган) маалымат таркатылган арыз ээси интернет тармагындагы сайттын ээсине же сайттын баракчасынын ээсине сайттан же сайт баракчасынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жана мурда жайгаштырылган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жайгаштыруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укук берип, ошол эле учурда маалыматты алып салуу жөнүндө арыз маалыматтын анык эмес (жалган) экендигин негиздеген фактыларды камтууга тийиш деген норманы киргизүүнү сунушташты.
Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээси анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу тууралуу талап келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде карап чыгууга милдеттүү болот. Арыз ээсине баш тартылган учурда, ал минкаб аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө же электрондук түрдө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Өзгөртүүлөргө ылайык, арызды кароого милдеттүү түрдө арыз ээсин жана Интернет тармагындагы сайттын же сайттын баракчасынын ээси чакырылат.
«Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн же сот тартибинде даттанылат», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.
Демилгечилер аны менен катар, сайттарды ээлери арыз түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде бузууларды жөнгө салышы керек деген ченемди алып салууну сунушташты.
Фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзам
Президент Садыр Жапаров чуу жараткан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга 2021-жылдын 23-августунда кол койгон. Мыйзам долбоорунда интернет колдонуучулардын анонимдүүлүнүн жоюп, эгер жалган же такталбаган маалымат чыккан болсо соттун чечимисиз эле сайтты жабуу каралган.
Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом каршы чыккан. Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.
Февраль айында Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзамды аткаруу боюнча токтом иштеп чыккан. Документке ылайык, мамлекеттик орган арыздарды жана даттанууларды кабыл алып, анык эмес маалыматты таратты деген сайттарды убактылуу жабуу менен алектенет.
Кыргызстанда фейктер жөнүндөгү мыйзам атүгүл колдонулган. Август айында өлкөдө Res Publica сайты бөгөттөлгөн. Сайттын башкы редактору Замира Сыдыкованын айтымында, сайт «Манас Менежмент» ишканасынын экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөлгөн. Токтосунов сайттын «Манас» аэропорту тууралуу эки иликтөөсүндө өзү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар жазылганын айтып арызданган.
Август айынын аягында убактылуу жабууга 24.kg маалымат агенттиги да туш болгон. Анда Амбассадор» мейманканасы Маданият министрлигине 24.kg басылмасына арызданып кайрылган, алар сайтта чыккан маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешкен. Маалымат агенттигинен эч ким алар менен байланышып, алардын версиясын укпаганын билдиришкен. Териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты жабуу боюнча чечимди артка чакыртып алууну чечкен.
Бул окуялардан кийин «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер жөнүндөгү мыйзам «бийликтин аракеттерине мониторинг жасап, карапайым калкка өкмөт кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам бере турган маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деген билдирүү жасашкан.