Маданият министрлиги 24.kg сайтын фейктер мыйзамы боюнча бир нече саатка бөгөттөдү

24.kg маалыматтык агенттигинин сайты Маданият министрлигинин чечими менен эки айга бөгөттөлдү. Мындай чечим «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде кабыл алынган. Бул тууралуу Фейсбукта басылманын башкы директору Асел Оторбаева билдирген.

Анын айтымында, «Амбассадор» мейманканасы Маданият министрлигине 24.kg басылмасына арызданып кайрылган, алар сайтта чыккан маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешет.

«Биз мыйзамды сыйлап сактаган жаран, ЖМК жөнүндөгү мыйзамды сыйлаган журналист катары мейманкада болгон окуянын эки тарабын тең чагылдырганбыз. Бирок “Амбассадор” антипиар дагы пиар деп, үстүбүздөн арыз жазып салган экен», — деп жазды ал.

Оторбаева сайтты бөгөттөө боюнча чечим өтө тез кабыл алынганын, бир дагы чиновник байланышып окуянын-чоо жайын сурабаганын белгиледи.

«Чалып, чакырып, суроо да беришкен жок. Чечимди биз жок эле кабыл алып коюшту. [Сайтты] бөгөттөө боюнча буйрукту да провайдерлерге тез эле жөнөтө коюшуптур. Мен фейктер жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын тескеген министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулуна байланышып, жөндүү суроолорумду берсем билбейм деп жооп берди», — дейт басылманын жетекчиси.

Оторбаеванын айтымында, сайтты бөгөттөө чечимин Санарип өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматындагы чиновник кабыл алган. Бирок андан кийинки териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты бөгөттөө боюнча чечимди чакыртып алган деп жазды Оторбаева.

«Кээ бир окурмандарыбызда сайт дагы деле ачылбай жатат. Анткени клерктер заматта эле журналисттерге жана сөз эркиндигине чабуул кылып коё алышат. Чакыртып алынган чечим жетип, мамлекеттик машинаны мурдагы калыбына алып барыш үчүн алда канча канча көп убакыт керек — эми өзүңөр деле түшүнсөңүздөр керек, бүгүн жума, алдыда эс алабыз деген маанай болуп турат да», — деп кошумчалады ал.

Оторбаева бул окуядан эки тыянак чыгарганын дагы кошумчалады: биринчиден, фейктер жөнүндөгү мыйзамды иштеткен механизм дагы деле жок.

«Аткаминерлер соцтүйүндөрдү бөгөттөй албасын мойнуна алышат — Марк Цукерберг (Фейсбук компаниясынын башчысысы) жана башкалар кыргыз бийлиги алардан так эмнени каалап жатышканын анчейин түшүнүшкөн жок. Эгер алар бизди ушинтип эле каалаган убакта оозубузду жабууга аракет кыла беришсе, биз жөн гана соцтүйүнгө көчүп кетебиз. Президент соцтүйүндөрдү абдан жакшы көрөт. Ал бул жерде чыныга адамдар, чыныгы колдоо, чыныгы жашоо бар деп ойлойт. Макул, демек соцтүйүндөрдө иштейбиз. Маданият министрлиги менен Санарип өнүктүрүү министрлиги оозубузду жаба албайт. Бирок эл аралык коомчулук менен укук коргоо уюмдарынын сөзүнө калат», — деп сөзүн жыйынтыктады Оторбаева.

Материал жарык көрөр алдында 24.kg’нин сайтына кирүүдө кыйынчылыктар дагы деле байкалып жатты.

Буга чейинки бөгөттөө

Фейтер жөнүндө мыйзамды Маданият министрлиги буга чейин да колдонгон, анда ал Res Publica сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Сайттын башкы редактору Замира Сыдыкова басылманын сайты «Манас» аэропортундагы аткезчилик тууралуу иликтөө чыккандан кийин бөгөттөлгөнүн айтып берген.

Сыдыкова Маданият министрлиги сайтты 2022-жылдын 15-июнунда «Манас Менежменттин» экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөгөнүн билдирген. Ал министрликке берген арызында «Манас» аэропортундагы коррупция тууралуу эки иликтөөдө ага карата такталбаган маалыматтар жазылганын билдирген.

Сыдыкова иликтөөдө алар компаниянын махинациялары, контрабанда жана коррупция тууралуу айтып беришкенин белгилеген.

Ошол убакта Маданият министрлиги аларга Токтосунов өзү кайрылып, Res Publica сайтында ал тууралуу «жалган маалыматтар таратылган» деп арызданганын билдиришкен.

Министрликтен арыз түшкөндөн кийин алар Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматына кайрылып, ал жерден аталган маалыматты өчүрүү тууралуу чечим чыгарып беришкенин кошумчалашкан.

«Res Publica сайты эч кандай чара көрбөй жана аталган маалыматты өчүрбөй койгондуктан, ал маалымат 2019-жылы чыккан, биз сайттын ишин убактылуу токтотуп туруу жөнүндө экинчи чечимди жөнөткөнбүз. Ал аталган маалыматты өчүрүүнүн тартиби, ошондой эле такталбаган маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамына ылайык жасалган»,, — деп белшгилешкен ведомстводон.

Ошол эле учурда министрликтен алардын алдында маалыматтын чын-жалганын аныктоо боюнча максат турбасын билдиришкен.

Фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзам

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 23-августта кол койгон.

Мыйзам интернетте жалган маалымат таратылса соттун чечими жок эле колдонуучунун жүзүн ашкерелеп, сайттардын ишине бөгөт коёт.

Жапаров кабыл алган «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору — бул «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзамдын кайрадан иштелип чыккан варианты. Бул документти мурда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков каршы пикир билдирип, кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган болчу.

Президент мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтаргандан кийин ал көпкө чейин унутта калган, бирок 31-майда мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн атайын топ түзүлгөн. Бирок, 28-июлда парламент депутаттары мыйзам долбоорун үч окууда дароо кабыл алышкан.

Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом каршы чыккан. Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.

Кайрадан иштелип чыккан мыйзам долбоору менен таанышып чыккандан кийин, юристтер Жогорку Кеңештин депутаттары өз регламентин гана эмес өлкөнүн Конституциясын да бузган деген жыйынтыкка келишкен.

Андан сырткары, мыйзам долбоорунун ченемдери «Конституцияга, эл аралык келишимдерге каршы келет, адам укуктарын бузат жана өлкөнүн бюджети кескин тартыш болуп турган чакта мамлекеттик бийлик органдарынын функциялары негизгиз бири-бирин кайталап калат» дешкен.