Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматы ЖМК жана тургундарды эки өлкөнүн ортосуна чагым сала турчу жана жаңжалга түрткү берчү билдирүүлөрдү жасабоого үндөдү. Бул тууралуу 22-августта УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев тажикстандык кесиптеши Раджобали Рахмонали менен жолугушуу өткөрдү.
«Эки тарап тең жаңжалга жол бербөө боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын иш-аракетине объективдүү баа берди. Чек ара кызматынын башчылары мамлекеттик чек араны аныктоо, делимитациялоо жана демаркациялоо эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиянын ыйгарым укуктуу иши экенин белгилешти», — деп айтылат билдирүүдө.
Эки өлкөнүн Чек ара кызматы өзүм билемдик менен жасалган ар бир туура эмес билдирүү «тынчтыкты бузуу аракети» деп сыпатталарын белгилешти.
Шаршеев менен Рахмонали келишимдерди бекемдөө жана ишке ашыруу үчүн тараптар байма-бай жолугуп турарын кошумчалады.
Ошондой эле эки өлкөнүн аракети менен азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени айтылды.
20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Баткен облусундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажикстандыктар жарандык унаалар менен курал-жарак ташып келип, окопторду казып жатышканын айткан.
*«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүндө Көк-Таш айылында жайгашкан. Ал Ак-Суу дарыясынын суусун бөлүштүрөт. «Головной» стратегиялык объект деп таанылган — аны ИИМдин кызматкерлери кайтарат.
Өмүрзаков 14-17-сентябрдагы толук масштабдуу куралдуу кагылышуудан кийин Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу жана анын кесепеттери тууралуу келишимге кол коюшканын эскерткен.
Куралдуу жаңжал
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу жаңжалдын кесепетинен 63 кыргыз жараны мерт кетти. Ошондой эле жабыркаган кыргызстандыктардын саны 206ны түздү.
Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 136 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланды.