2022-жылдын сентябрында куралдуу кагылышта жабыркаган баткендиктер Швейцариянын өкмөтүнон 450 миң доллар алышат. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Элчиликтен бул каражатка БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жабыр тарткан калкка акча которуу аркылуу жардам көрсөтүп, тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыларын айтып беришти.
Швейцариянын өкмөтүнөн тышкары буга чейин Жапониянын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандагы гуманитардык абалдын начарлашына байланыштуу 1 млн доллар өлчөмүндө грант бөлгөн.
Бийликтин жабыркагандар жардам берүү убадасы
Буга чейин Министрлер кабинети куралдуу кагылыш учурунда курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасын берген. Жабыркаган жарандарга, ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасына жараша соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо 100дөн 200 миң сомго чейин төлөп берилет.
Мындан тышкары, 22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.
Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушууда.
«Учурда картасы жоктор банктан карта ачып, реквизиттердин көчүрмөсүн бердик, “акча которулат” деди. Сентябрдын 20ларында текшерүүгө келип кетишкен, андан бери кабар жок. Тамак-ашты өзүбүз сатып алып жатабыз. Элден келген жардамдан ун, картошка, кумшекер берилген. Азыр ун эле калды. Азырынча мамлекеттен жардам жок, элден эле келген», — деген Жаштык айылынын тургуну Медербек Тагаев.
Бийлик өзү да баткендиктердин үйлөрү жай калыбына келтирилип жатканын моюндаган. 30-октябрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна бөлүү үчүн пландалган 6-8 млрд сомдун 4,1 млрд гана сому мамлекеттик эмепке келип түшкөнүн билдирген.
Баткендиктерге жардам үчүн атайын эсептер да ачылган. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 3-ноябрга карата ал эсепке 331 млн 367 миң сом чогулган. Анын 139 млн 552 миң сому коротулган. Каражат үйлөрү күйүп кеткен жабыркаган жарандарга бир жолу берилүүчү компенсация катары таратылган.
63 адамдын өмүрүн алган 14-17-сентябрдагы жаңжалдын кесепетинен Баткенде жалпы 661 үй жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түзгөн.