Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара маселесин 2023-жылга чейин чечүүнү ниеттенет

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселесин 2023-жылга чейин чечүүнү ниеттенет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Жапаров парламенттин ратификациясынан кийин Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюлганын белгиледи.

«Эми кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Кудай буюрса, тоскоолдуктар болбосо, жаңы жылга чейин бүтүрүп [парламентке] алып келели деп жатабыз. Биз бардык кошуналар, төрт өлкө менен тең ынтымакта, түбөлүк достукта жашашыбыз керек. Эч качан ок атылып, бир дагы жоокерибиз, бир да адамыбыз каза болбошу керек. Биринчи кезекте ушуга басым жашасыбыз керек. Биз чек араны бүткөндөн кийин [Өзбекстан менен чек ара боюнча келишим күчүнө киргенден кийин] мына бүгүн айтылып өттү, Кыргызстандын картасы 199 миң чарчы метрден 210 миңден ашык чарчы метрге чоңоёт. Тажикстан менен да [чек ара маселесин] бүтүрөбүз. Ошондо Кыргызстан бүтүн, коопсуз Кыргызстанбыз деп айтсак болот», — деп билдирди президент.

Буга чейин УКМКнын жана чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1472,83 чакырымды түзөөрүн айткан. Анын ичинен 1170,53 чакырымы 2017-жылы аныкталган. Дагы 302,29 чакырымы макулдашылбай турган.

Ал эми Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу 972 киллометр, учурда анын болгону 600 чакырымы такталган. Баткен жана Согди облустарынын ортосундагы тилкелер талаштуу бойдон калууда.

Бирок чек ара сызыктары тактала элек болуп жаткандыктан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда утур-утур жаңжалдар чыгып турат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы эң акыркы ири кагылышуу 14-17-сентябрда Баткен облусунда болгон. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.