Иран курамасынын футболчулары Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатында Англия менен беттешердин алдында өз өлкөсүнүн гимнин аткаруудан баш тартышты. Алар бул аракети менен өлкөдө эки айдан бери митингдерди кууп тарткаткан иран бийлигине нааразылыгын билдиришти.
Стадиондо ирандык күйөрмандар да нааразылыктарын билдиришти: алар мамлекеттик гимн жаңырганда ышкырып, «Аял. Жашоо. Эркиндик» деген жазуусу бар футболкаларды кийип же ушундай эле жазуусу бар плакаттарды көтөрүп келишти.
The Athletic басылмасы Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн курамасы улуттук гимнди аткаруудан баш тартканын көрсөтпөй, ордуна стадионду жалпы кадрга алып көрсөткөнүн жазды.
Матчтын өзүн Ирандын курамасы Англияга ири, 2:6 эсебинде жеңилди.
Ирандагы нааразычылыктар 16-сентябрда, 22 жаштагы Махсы Амина каза тапкандан кийин башталган. Анда абийир полициясы кызды хижабды «туура эмес» кийгени үчүн кармаган. Андан соң полиция кызды «тарбия маеги» үчүн участокко алып кеткен, бирок эки сааттан кийин эле кыз ооруканага түшүп, көп өтпөй каза тапканы белгилүү болгон. Бул окуядан кийин ирандыктар полициянын мыкаачылыгына жана аялдарды укуксуз кылган Ирандын саясий режимине каршы чыга башташкан.
Ирандык кыздар жана аялдар нааразылыгын билдирип, хижаб кийүүдөн баш тартып, аны өрттөп (бул үчүн алар экркиндигинен ажыратылышы мүмкүн), чачтарын кыркып жатышат.
Укук коргоочулардын 19-ноябрга карата маалыматына ылайык, күч түзүм кызматкерлеринин аракетинен улам 378 адам каза тапкан.
Ноябрдын орто ченинде Ислам революциялык соту мамлекеттик мекеменин имратын өрттөөгө айыпталган нааразычылык акциясынын катышуучусун өлүм жазасына тартуучу биринчи өкүмүн чыгарган. Буга чейин Иран парламентинин 227 депутаты соңку эки айда өкмөткө каршы митингдерде кармалгандарды өлүм жазасына тартууну сунуштаган.