HRW кыргыз бийлигинин Темировду депортациялоо чечимин сынга алды

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлиги Кыргызстандан Москвага депортацияланган иликтөөчү журналист Болот Темировго республика кайтып, ишмердүүлүгүн улантуу үчүн уруксат бериши керек деп эсептейт. Ошондой эле уюм журналист өлкөдөн чыгарылышын даттанууга мүмкүнчүлүк алышы керектигин белгиледи.

Ошондой эле уюм журналисттин ишиндеги тийиштүү укук процедураларга байланыштуу, анын ичинде кыргыз паспортунун алынышында олуттуу коркунучтар бар деп эсептейт.

«Журналисттик иликтөө — ЖМКнын эркиндигинин маанилүү элементи болуп эсептелет. Кыргыз бийлиги депортация тууралуу чечимди жокко чыгарып, Темировго Кыргызстанга кайтууга жана журналисттик ишмердүүлүгүн улантууга уруксат бериши керек», — деди HRW’нын Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Ошондой эле, HRW Темировдун жактоочулары журналистти өлкөдөн депортация кылууда процедуралык бузууларга жол берилгенине тынчсызданып жатышканын да белгилиди.

«Үй-бүлөсү менен көрүшүүгө же жеке буюмдарын ала кетүүгө уруксат беришкен жок, ошол эле кезде кайсыл жол жүрүү документтери колдонулганы белгисиз болууда, себеп дегенде орус паспорту үй-бүлөсүндө калган. Бул ишти көптөгөн кыргыз ЖМКсы күйүүчү майды экспорттоо боюнча командасы жасаган иликтөө үчүн өч алуу деп баалашты», — деп бегилешти уюмдан.

HRW уюмунан адам укуктары жаатындагы эл аралык укук кимдир бирөөнү тиешелүү укуктук процедураларсыз же адам катаал мамилеге же кыйноолорго дуушар болушу мүмкүн өлкөгө чыгарып салууга тыюу саларын белгилешти.

Уюмдагылар акыркы убакта Кыргызстанда ЖМК эркиндиги кайрадан басымга учуруганын, себеби бийлик ЖМКны көзөмөлдөө жана цензура боюнча аракетин күчөттү деп эсептешет.

«Кыргыз бийлиги журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн жазага тартканды токтотуп, өлкөнүн адам укуктары жаатында алган эл аралык милдеттенмелерин сыйлашы керек. Болот Темиров журналисттик иликтөөлөрүн эч кандай тоскоолдуктарсыз улантууга мүмкүнчүлүк алышы керек», — деди Султаналиева.

Темировду депортациялоо

Бишкек шаардык соту 23-ноябрда журналист Болот Темировду Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин («Өлкөдөн чыгарып жиберүү») негизинде өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган. Бул берене боюнча чет өлкөлүк жаран же жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин жарандыгы жок адамдар Кыргызстандан сырткары чыгарылат.

Мурдараак Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду баңгизатты сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү иши боюнча актаган, бирок аскердик билетти жасалмалоо иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Тергөөчүлөр журналист паспортун аталган жасалмаланган аскердик билеттин жардамы менен «мыйзамсыз» алган деп эсептешет. Бирок бул иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен Темировго жаза дайындалган эмес.

Темиров өзү акыркы сөзүндө ишти «бийликтин тапшырмасы» деп атаган. Шаардык соттун отурумнда Темировдун жактоочулары журналистти кылмыштын курамы жоктугунан толугу менен актоону талап кылышкан.

Шаардык соттун чечиминен кийин Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Үч сааттан ашык журналисттин дайыны белгисиз болгон — Темировду Бишкектин убактылуу кармоочуй жайларынан да, атайын кармоочу жайлардан да таппай коюшкан. Кийинчерээк Темировдун адвокаты Баатыр Ботобеков «Клоопко» Темировду «күчкө салып жашырып жатышат» деп билдирген.

Кечке жуук Ботобеков Темировду издеп «Манас» аэропортуна келген. Ал жерден адвокат аэропорттогу милиция бөлүмүнө барып сураганда «Темировду эч ким алып келбегенин» айтышкан.

Бирок саат 20:00гө жакын милиция бөлүмүнө жарандык кийимчен, болжолдуу, укук коргоо органдарынын же УКМКнын кызматкерлери кирип, ал жерден шаша-буша Темировду чыгарып, лифт менен учуу залына көтөрүлүп кетишкен.

Кийин иликтөөчү журналисттин адвокаттары Темировду Кыргызстандан Москвага депортация кылышканын билдиришкен.

Дагы окуңуз: Юристтер: Темировдун паспорту мыйзамсыз жокко чыгарылган