Чек арадагы куралдуу жаңжал. Жабыркаган ишкерлерге 300 миң сомдон кенемте төлөнөт

Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрынд кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта зыян тарткан ар бир ишкерге 300 миң сомдон бир жолку кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Аны алуу үчүн ишкерлерде төмөнкү документтер болушу керек:

  • компенсация төлөө жөнүндө арыз;
  • паспорт же ишеним кат;
  • чарбалык ишти жүргүзүү үчүн салык же бухгалтердик каттоо жөнүндө салык органынан маалымкат;
  • патенттин көчүрмөсү же чарба жүргүзүүчү субъекттердин салыктарды төлөгөндүгү жөнүндө салык органынан көчүрмө;
  • экономикалык иш субъектинин банктык эсебинин реквизиттери.

Андан тышкары, жабыркаган жарандар мамлекеттен жылдык чени 1%ды түзгөн жеңилдетилген кредиттерди ала алышат.

Ведомстводон белгилешкендей, 1 млн сомго чейинки карыздар ишкерлерге эгер зыяндын өлчөмү 5 млн сомго чейин болсо берилет. Ал эми 5 млн сомдон ашык зыянга учураган ишкерлер 5 млн сомго чейин карыз ала алышат.

Экономика министрлигинен кредиттерди үч жылдын ичинде квартал сайын бирдей төлөмдө төлөп бүтүү керектигин кошумчалашты.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптап жатат.

Баткенди калыбына келтирүүнүн жай темпи

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.

Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушкан. Муну минкабдын төрагасы да моюндаган.

Парламенттин 19-октябрдагы жыйынында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жылга чейин бардык иштерди аяктоого аракет кылышарын, ал үчүн курулушчулар 2-3 смен менен иштешээрин убадалаган.

12-декабрда эмгек министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусунда чек арадагы куралдуу кагылышта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга 12 млн 600 миң сом төлөнгөнүн билдирген. «Чыр-чатак учурунда туугандары каза болгон 11 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон, туугандары ар кандай даражадагы жаракат алган 10 үй-бүлөгө бир жолу 100 миңден 200 миң сомго чейин сумма төлөнгөн», — деген аткаминер.

Андан тышкары, Базарбаевдин айтымында, министрлик Баткен облусуна 1 млрд 600 млн сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү бөлүп берген.