Эмгек министрлиги Баткенге 12 млн сомдон ашуун каражат төлөнгөнүн билдирди

Баткен облусунда чек арадагы куралдуу кагылышта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга 12 млн 600 миң сом төлөндү. Декабрдын башына карата мындай маалыматты социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен жана Раззаковдун тургундары менен жолугушууда айтты.

«Чыр-чатак учурунда туугандары каза болгон 11 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон, туугандары ар кандай даражадагы жаракат алган 10 үй-бүлөгө бир жолу 100 миңден 200 миң сомго чейин сумма төлөнгөн», — деди аткаминер.

Андан тышкары, Базарбаевдин айтымында, министрлик Баткен облусуна 1 млрд 600 млн сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү бөлүп берген.

Жабыркагандарга бийлик убадалаган жардам

9-декабрда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткенди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө эскертүү берип, айрымдарына сөгүш жарыялаган. Минкабдын билдиришинче, Баткендеги үйлөрүнө дагы 3 942 киши кайта элек, алардын ичинен 3 781 жаран башка бирөөнүн үйлөрүндө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап жатышат.

«Бул жарандар тиешелүү колдоого муктаж экенин эстен чыгарбоо керек, андыктан азыр борбордо, Чүй облусунда жана Ошто убактылуу жүргөн ар бир адам тууралуу маалыматты тактап, зарыл болгон учурда аларга жардам көрсөтүү керек. Толугу менен күйүп кеткен, оңдоого муктаж үй ээлерине 149,6 млн сом компенсация төлөп бердик. Негизги маселе – 420 үйдүн курулушу, анын ар биринин баасы 3,3 млн сомду түзөт», — деген Жапаров отурумда.

Ошондой эле өкмөт башчы Мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүн чек арадагы кагылышта талкаланган объекттерди калыбына келтирүү боюнча курулуш иштерин тездетүүгө чакырды.

Баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушкан. Муну минкабдын төрагасы да моюндаган.

Парламенттин 8-декабрдагы отурумунда депутат Жанар Акаев Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө тартылган курулушчулар бул ишке бөлүнгөн каражаттын жадагалса жарымын да албаганын айткан. Мурдараак Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн 6 миллиарддан 8,5 млрд сомго чейин каражат бөлүнгөнү маалымдалган.

Өкмөт башчы депутат Акаевге курулушту Мамлекеттик курулуш департаменти көзөмөлдөп жатканын, калыбына келтирүүгө 1 млрд сом бөлүнгөнүн айтып жооп берген.

«Дагы керек болсо бөлүп берүүгө даярбыз», — деп белгилеген Жапаров.

Анын айтымында, 20-22-декабрда 150 үй курулуп бүтүп, үй-бүлөлөргө тапшырылышы керек. Жапаров калган үйлөр бүтүшүнө жараша пайдаланууга берилерин кошумчалаган.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.