Педофилди операция жолу менен кастрациялоо сунушу биринчи окууда жактырылды

Иллюстративдик сүрөт: Azattyk

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитети 24-январда педофилдерди кастрациялоо боюнча мыйзам долбоорун карады. Сунуш биринчи окууда жактырылды.

Демилгечи депутат Улан Бакасов жыл башынан бери жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, химиялык кастрация педофилдерге каршы эң жакшы тандоо эмес. Дары-дармек ар дайым эле иштей бербейт. Андыктан жашы жете электрдин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдар үчүн хирургиялык кастрация колдонуу керек. Хирургиялык кастрация – хирургиялык жол менен репродуктивдик органды алып салуу. Мындай операциялар жаза аткаруу системасындагы медициналык мекемелердеги саламаттык сактоо органдарында өткөрүлөт», — деди ал.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Баш мыйзамдын принциптерине жана нормаларына таянып, бул мыйзам долбоорун четке кагуу керектигин айтты.

«Хирургиялык кастрация – бул кыйноо. Педофилдерди эч ким актай албайт, бирок биз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын эске алышыбыз керек», — деди ал.

Анда Бакасов хирургиялык кастрация медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуунун өзгөчө процедурасы экенин айтып, жазанын бул түрү Чех Республикасында колдонуларын мисал келтирди.

Кыргызстандагы балдарга карата зомбулук

Өлкөдө бул жылы дагы балдарга карата үрөй учурган зомбулук жасалган учурлар катталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы зордуктоого кабылган балдар боюнча жалпы 52 кылмыш иши козголгон. Ал эми ИИМ 2022-жылдын 9 айында эле балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталганын билдирген.

Өткөн жылдын сентябрында Жогорку Кеңеште педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүү да сунушталган.

Бирок юристтер Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүдөн мурда, биринчи кезекте, иштеп жаткан мыйзамдарды, тактап айтканда, жоопкерчилик чараларын колдонуу системасын тартипке келтирүү керек деп эсептешет.

Ал эми Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы программалык менеджери Бегайым Замирбек «Клоопко» курган маегинде кылмыштын алдын алууда жазанын татаалдыгы эмес, жазадан эч кайда кача албастыгы маанилүү экенин эскерткен.

«Эгер сот системасы зордуктагандарды сот залынан бошотпой, мыйзам чегинде катуу жазаласа, бул бардык зордуктаган адамдарга бул өлкөдө зомбулук көрсөткөндөр жазаланат деген белги болмок», — деп эсептейт ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Балдарга карата сексуалдык кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү идеясынын эмнеси туура эмес?

Сексуалдык ыдыкка кабылган балдар зөөкүр менен «элдеше» алабы? Психолог менен бирге түшүндүрөбүз