Шакиев ОСАГО тууралуу: 1-апрелден тартып эч кимге айып салынбайт

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында 1-апрелден тартып автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) жоктугу үчүн эч кимге айып салынбасын билдирди.

Шакиев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуп, депутаттардын ОСАГОну киргизүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу боюнча сунушун жеткиргенин айтты.

«Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди, сүйлөштүк. Депутаттардын сунушун айттым, ал киши менен кеңештик. 1-апрелден баштап жанагы айып пулдар төлөнөт деген мөөнөттү жылдырмай болдук. Президенттин дагы ошондой тапшырмасы бар экен», — деди парламент спикери.

Төрага ОСАГО жөнүндөгү мыйзам канча убакытка жылганын айткан жок.

1-январдан тарта өлкөдөгү айдоочулар ОСАГО полисин каттата алышат. Камсыздандыруу милдеттүү жана аны өлкөдөгү бардык түрдөгү автотранспорт каражаттарынын ээлери алышы керек.

Полисти азыртан каттатып баштаса болот. Азырынча ал ыктыярдуу деп айтса болот. Камсыздандыруу полисинин базалык өлчөмү — 1680 сом. Бирок анын соңку баасы баары үчүн эле бирдей болбойт. Анын баасы транспорттун түрүнө (кыймылдаткычынын көлөмүнө), айдоочунун жаш курагына жана айдоо стажына, ошондой эле ал жол кырсыгына канчалык көп кабыларына жараша өзгөрүп турат.

Бийлик 1-апрелден тартып камсыздандыруу полиси жоктугу үчүн физикалык жактарга 3000 сомдон, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып сала баштары айтылган болчу. Эми бул мөөнөт жылды.

Тема боюнча: Кыргызстанда ОСАГО полиси киргизилди. Ал кандай иштейт экенин айтып беребиз

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт/ economist.kg