ОшМУнун клиникасында биринчи жолу рак илдетине каршы операция жасалды

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында алгачкы жолу ашказан рагына чалдыккан бейтапка операция жасалды. Бул тууралуу 26-январда ОшМунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, операцияны аталган клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков жана эндоскопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов жасады.

«Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саатка созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказына операцияны ийгиликтүү жасап бүттүк», — деди дарыгер Жанек Белеков.

Окуу жайдын басма сөз кызматынын башчысы Медер Ниязалиев «Клоопко»

ОшМУнун басма сөз кызматынан 27-январга карата бейтаптын абалы туруктуу экенин жана врачтардын көзөмөлүндө болуп жатканын маалымдашты.

Мындан ары ОшМУнун заманбап медициналык шаймандар менен жабдылган медклиникасынын операциялык бөлүмүндө операциялардын бардык түрү жасалары кошумчаланды.

Аны менен катар окуу жайдын клиникасына быйыл февраль айында абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоо үчүн лапароскоп аппараты алып келинери белгиленди.

2022-жылдын аягында окуу жай клиникага «тез жардам» унаасын сатып алган.