Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек ЖЭБде техникалык аудит уюштурду. Бул тууралуу министрликтин башчысы Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, жылуулук электр борбору акыркы 10 жылда болгону бир эле жолу текшерилген.
Аудит жүргүзгөн орусиялык компания от казандардын түтүндүүлүгү нормадан ашык экенин аныктаган, ал эми ЖЭБдеги электр чыпкалар такыр эле өчүк болгондуктан аларды текшерүүгө мүмкүн болгон эмес.
Меш агрегаттары — бул ЖЭБдин эң чоң жана өтө маанилүү бөлүгү. Ал көмүрдүн курамындагы энергияны жогорку температурадагы бууга айлантат. Ошентип, от казан ысык суу жана ысытылган бууну чыгарат. Ысык суу түтүктөргө жана батирлердин батареясына жетет, ал эми буу электр энергиясын өндүргөн турбинаны айлантат.
«12 меш агрегаты текшерилди. Орусиянын ченемдеринде 18 миң тонна чыгынды каралган, Кыргызстандын ченемдери дагы ошондой эле. Техникалык аудит №3 меш агрегатынын түтүндүүлүгү нормадан 9 эсе, ал эми №4 меш агрегатыныкын 7 эсе жогору экенин көрсөттү», — деди Кутманова.
Кутманова текшерүүгө чейин ЖЭБди алдын ала кабардар кылууга туура келип жатканына даттанды. Ал айттырбай келип текшерүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу керек деп эсептейт.
Улуттук энергохолдингдин директору Таалайбек Байгазиев АКИpress маалымат агенттигине ЖЭБде электр чыпкалар турганын, бирок алар эскиргенин билдирди.
«Бир-эки күндөн кийин жыйынтыктары жөнүндөгү документти колубузга алып, андан кийин анализ кылабыз. Электр чыпкалар турат, бар. Бирок маселе алар кандай иштеп атканында. Чыгындылар чоң. Менин билишимче ал жерде тазалоо 99%га иштейт. Мисалы, жаңы түтүктөн түтүн дээрлик чыкпайт. Демек ал жерде чыпкалар иштеп жатат. Ал эми эски түтүктөрдө чыпкаларды алмыштыруу керек. Жалпы айтканда бул кайсыл бир аналиаторлорду орнотууну эмес, чоң капиталдык каражат салууну талап кылат. Ал бир электр чыпканын баасы 100 млн сомдон ашык турат», — деп билдирди Байгазиев.
Байгазиев ЖЭБ эски, толугу менен реконструкциялоого муктаж экенин белгиледи.
Бирок 2018-жылы Бишкек ЖЭБи модернизация кылынып, ага 386 млн доллар кеткен. Акчаны Кытайдын мамлекеттик «Эксимбанкы» насыя катары берген. Эми Кыргызстан насыянын үстөк пайыздарын эске алуу менен Кытайга 500 млн доллар кайтарып бериши керек.
Модернизациядан кийин дээрлик дароо эле ЖЭБде авария болгон. Анда парламент депутаттары авариянын келип чыгуу себептерин изилдөө үчүн комиссия түзүшкөн. Алар жылуулук борборун реконтрукциялоодо коррупцияга жол берилген деп шектенишкен.
Ал эми чыпкаларга токтолсок, аларды оңдоо үчүн 2020-жылы 71 млн сом коротулган. Андан бир жыл өткөндөн кийин, 2021-жылдын сентябрында, «Электр станциялар» ишканасы жаңы чыпкаларды алуу үчүн 8,4 млн сомго тендер жарыялаган.
Бишкектеги ыш
Жыл сайын Бишкек кыш келери менен абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи саптарга чыгат.
2022-жылдын октябрынын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган, ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болууда. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар дагы себеп экенин айткан.
Анда иликтөөнүн негизинде ЖЭБдин Бишкектеги ыштын пайда болушуна таасири анчейин деле эмес деген жыйынтык чыгарылган.
Бийлик ыш менен күрөшүү үчүн Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну, ал эми күндүз шаарга жүк ташуучу унааларды киргизбөөнү, ошондой эле Бишкектин кире бериштерине катализаторлору жок унааларды аныктаган «унаа капкандарын» орнотууну ниеттенет.