Ысык-Көл: Курулушта иштеп жүргөн адамды өлтүрүүгө шектелип 4 киши кармалды

Ысык-Көл районунда курулушта иштеп жүргөн адамды өлтүрүүгө шектелип төрт киши кармалды. Бул тууралуу 18-мартта «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-мартта райондук милицияга Балыкчы — Чолпон–Ата — Каракол унаа жолунан 25 метр алыстыкта, Өрнөк айылынын күн батыш тарабынан белгисиз кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери маркум Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. Териштирүүдө Тамчы айылында курулушта убактылуу иштеп жүргөн маркум киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын 24, 27 жана 28 жаштагы төрт тургуну кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алышты.

Шектүүлөрдүн айтымында, маркум менен 27 жаштагы шектүүнүн ортосунда пикир келишпестик болгон. 13-мартта шектүү достору менен маркумду унаа менен Өрнөк айылына алып барып, сабап өлтүрүшкөн.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.