Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-9-майда Орусияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу басма сөз катчысы Руслан Желдибай Фейскбук барагына жазды.
Желдибайдын айтымында, Токаев Ржевск шаарындагы казак жоокерлерине арналган мемориалга барып, Улуу Ата Мекендик согуштагы эң ири кагылыштардын биринде каза болгон 100-101-аткычтар дивизиясынын аскерлерин эскерет.
«9-майда мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга катышат. Орус тарап салтанаттуу иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырды», — деп билдирди Токаевдин басма сөз катчы.
Токаев — 9-майда Москвада өтө турган парадга катышарын тастыктаган өлкө лидерлерини экинчиси. Мурдараак иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учуп кеткен. Аны дагы парадга катышуу үчүн Путин чакырган.
Жапаров Москвага 7-майда барып, Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, Ржев шаарында *Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашта курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган мемориалды ачканга үлгүрдү.
Андан тышкары, орус ЖМКы Путин Москвадагы парадга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмону дагы чакырганын жазышкан. Бирок орус басылмалары Рахмондун басма сөз кызматына таянып, тажик президенти азырынча Москвага келүү чечимин кабыл ала электигин айтышкан.
Борбор Азиянын эки өлкөсүнүн Орусияга иш сапары Орусиянын Украинага кол салуусунун шартында өтүп жатат. Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу кол салган. Путинге карата мурдараак Эл аралык жазык соту аскердик кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.
Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш маселесинде расмий түрдө бейтараптуулукту карманууда, бирок иш жүзүндө кыргыз бийлиги орус тарапты колдоп, бул өлкө менен мамилени бекемдөө тууралуу такай айтып келет.
Казакстандын бийлиги өлкөлөрдүн, анын ичинде Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоо кажет деген позицияны кармана турганын бир нече жолу билдирген. Ошондой эле Казакстандын бийлиги Орусияга карата салынган санкциялардын кармалып жатканын билдирип, **ДЭР** (Донецк Эл республикасы) менен **ЛЭРдин** (Луганск Эл республикасы) көз карандысыздыгын тааныбай келет.
*Улуу Ата-Мекендик согуш — бул термин менен советтик жана орусиялык тарых булактарында жана айрым постсоветтик республикаларда Экинчи Дүйнөлүк согуштун 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 9-майына чейинки аралыгы аталат. Санак нацисттик Германиянын аскерлери Польшага кол салгандагы өнөктөшү СССРге кол калган күндөн башталат.
Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда немис аскерлеринин Польшага кол салуусу менен башталган. Сентябрдын ортосунда СССР, Германиянын өнөктөшү болуп турган учурунда Польшанын аймагына бастырып кирген. Бир айдын ичинде Польшанын аймагы Германия менен СССРдин ортосунда экиге бөлүнгөн. Польшага кол салууга жооп кылып Франция менен Улуу Британия Германияга согуш ачкан. Бул алты жылга созулган, адамзаттын тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн согуштун башталышына жол ачкан.
1945-жылы Борбордук Европа убактысы менен 8-май күнү кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт немис аскерлерин ок аутууларды токтотуп, куралдарын таштоого милдеттендирген. Орусияда жана айрым постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келет.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.
**ДЭР** жана **ЛЭР** — Украинанын аймагында жайгашкан Донецк жана Луганск эл республикалары. Мамлекеттер тарабынан таанылбаган жана өзүн-өзү жарыялап алган деп саналган республикалар. Эки республика тең 2014-жылдан бери орус жикчилдеринин көзөмөлүндө.
ДЭР жана ЛЭРди БУУга мүчө өлкөлөрдүн ичинен болгону үч өлкө тааныган — Орусия, Сирия жана Түндүк Корея Эл республикасы. БУУга мүчө болгон калган өлкөлөр ДЭР менен ЛЭРди Украинанын бир бөлүгү деп эсептейт.