Садыр Жапаров чоң делегациянын коштоосунда Орусияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров 7-майда чоң делегациянын коштоосунда расмий сапар менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Сапардын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары өлкө башчысы расмий адамдар менен жолугуп, 9-майда Москвадагы Жеңиш парадына барары белгиленди.

Жапаровду коштоп кеткен делегациянын курамы:

  • Адылбек Касымалиев — минкабдын төрагасынын биринчи орун басары;
  • Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
  • Муратбек Азымбакиев — Президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Марат Иманкулов — Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Гульнара-Клара Самат — Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
  • Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
  • Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
  • Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
  • Таалайбек Ибраев — энергетика министри;
  • Нурдан Орунтаев — Бишкек шаарынын вице-мэри.

Буга чейин Путиндин чакыруусу менен Садыр Жапаровдун Орусияга барары белгилүү болгон. Ал 9-майда Москвада өтүүчү парадга катыша турган башка мамлекеттин жалгыз өкүлү болот деп күтүлүп жаткан.

Бирок кийинчерээк Путин Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмонду дагы парадга чакырганы кабарланган.

Бирок Рахмондун маалымат кызматынын жетекчиси Абдуфаттох Шарифзода анын Москвага барар-барбасы азырынча белгисиз экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

 

Кыйышпастыктын парады. Эмне үчүн 9-майда Путиндин жалгыз коногу Жапаров болот?

 

Путин тажик президенти Рахмонду дагы 9-майдагы парадга чакырды