Жогорку Кеңештин депутаттары 31-майдагы жыйында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» (фейктер жөнүндөгү мыйзамды) мыйзамына сунушталган түзөтүүлөрдү биринчи окууда четке какты.
Азыр тапта мыйзамга ылайык, кайсыл бир жаран, эгер айрым бир веб-сайт ага карата такталбаган маалымат таратты деп эсептесе Маданият министрлигине кайрылганга укугу бар. Андан кийин ведомство жарандын арызын карап, 24 саат ичинде материал өчүрүлсүн деген талап коё алат.
«Бирок чындыгында бизде Административдик кодекс бар, ошол кодекске жана башка мыйзамдарга бул мыйзам бир топ карама-каршы болуп калды. Эми ошол кайчы пикирлерди жоюш үчүн бир топ депутаттар мыйзам долбоорун чыгарып жатабыз. Өзгөртүүлөр мындай: эми министрликке бирөө кайрылса, министрлик арыз ээси менен сайттын ээсин чакырып кимдин айтканы туура экенин карашы керек. Эгер арызданган адамдыкы туура болсо, анда ушундай эле 24 саат ичинде эмес, үч күн аралыгында сайттан материалды алып салууга же бөгөттөлсүн деген чечим чыгышы мүмкүн. Бирок сайттын ээси макул болбосо анда ал дагы даттанса болот», — деп айтты түзөтүүнүн демилгечилеринин бири Дастан Бекешев.
Бекешев фейктер мыйзамын таптакыр эле «жокко чыгаруу керектигин, бирок азыр ага андай кылганга эч ким жол бербесин түшүнүп турганын» кошумчалады.
Мыйзам долбоорун депутаттар Айбек Маткериов менен Шайлообек Атазов сындап чыгышты. Маткеримов мыйзам долбоорунда «анык эмес маалыматты үч күн жайылтууга мүмкүндүк берилип» жатат деп эсептейт. Ал эми Атазов депутаттар «чет өлкөнүн тыңчы мыйзамдарын кыргыз коомчулугуна киргизүүгө» аракет кылып жатышат деп билдирди.
«Кыргыз улутунун намысын тебелеп жатасыңар. Кайсы орган бүгүнкү күнү абийири тебеленди сайтты жоопкерчиликке тартты? […] Келгиле бул мыйзамды ийлеп, сунуштарды берип, ага блогерлерди кошуп туруп гүл кылып алып чыгалы. Бул жерде кесиптешибиз Дастан Бекешев маданияттуу иштейли деп жатат. […] Биз ошол маданияттуу болуп жатып бири-бирибиздин абийирибизди төккөн фейк маалыматтарды сайттарга 3-4 күн илип коюп жатабыз. […] Анан жалган маалыматты көрүп алып анын үй-бүлөсү, тууган-уругу, бала-чакасы өз өмүрлөрүн кыйып жатышат. Бул улутка каршы мыйзам», — деди Атазов.
Депутаттардын айрымдары мыйзам долбооруна жалган маалымат тараткан блогерлерди жоопко тартуунун нормасын киргизүүнү сунушташты.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна киргизүүгө сунушталган түзөтүүлөрдү четке кагуу үчүн 55 депутат добуш берди.
Фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзам
«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-августта кол койгон. Мыйзам интернетте жалган маалымат таратылса соттун чечими жок эле колдонуучунун жүзүн ашкерелеп, сайттардын ишине бөгөт коёт.
Өлкөдө ЖМК жөнүндөгү мыйзам биринчи жолу 2022-жылдын августунда Res Publica басылмасына карата колдонулган. Бөгөттөө боюнча акыркы эң чуулгандуу учур «Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү болду. «Азаттык» үналгысынын сайты 2022-жылдын октябрда эки айга бөгөттөлгөн.
Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгон.
Бирок кийинчерээк сайт редакция буга себеп болгон видеоматериалды өчүрмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.