Парламенттин 1-июнундагы жайынында бир нече депутат Конституциялык соттун Жогорку Кеңештин регламенттеринин бири Конституцияга каршы келет деп тааныган чечимин сынга алышты. Сөз парламенттин депутатына кылмыш ишин козгоо чечимин башкы прокурор депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдулугу менен гана кабыл алат деп жазылган ченем жөнүндө болуп жатат.
Жанар Акаев парламент Конституциялык соттун чечимине керектегидей реакция кылбаганын белгиледи. Анын айтымында, депутаттар эми өздөрүнүн Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизиши керек болот.
Мындан тышкары, Акаев Конституциялык соттун башчысы Эмил Өскөнбаевди отставкага кетирүүнү сунуштады.
«Баш мыйзамда жазылган, депутаттарды айткандары үчүн куугунтука алууга болбойт деп. [...] Эми эмне кылабыз? Эми мал-чарбачылыктан башка бир нерсе сүйлөйбүзбү же эмне кылабыз?» — деп сөзүн бүтүрдү депутат.
Депутат Сүйүнбек Өмурзаков дагы Конституциялык соттун чечимин сынга алып, «мыйзамдарды резина кылып, каалагандай тартып, каалагандай чечмелеп» жатышканын белгиледи. Ал Өскөнбаевди түшүндүрмө берсин деп, парламентке чакырууну сунуштады.
Буга чейин депутат Адахан Мадумаров дагы Конституциялык соттун чечими боюнча үн каткан. Ал 31-майдагы маалымат жыйынында мындай чечим атайын, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн кабыл алынганын билдирген.
Парламенттин 31-майдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду
Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка даярдык көрүү», «Массалык башаламандыктар», «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийликтен аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш жазасына тартууну каалап жатышканы белгилүү болгон. Депутаттан кол тийбестикти алууну суранып парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрылган.
Конституциялык соттун басма-сөз кызматы депутаттардын билдирүүсү боюнча комментарий берип, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча чечим коллегиалдуу жана негиздүү кабыл алынганын белгиледи. Ал жактан чечим кабыл алынып жатканда процедуралык бузуулар болбогонун, ошондой эле Конституциялык соттун актылары акыркы болуп саналарын жана даттанууга жатпасын кошумчалашты.
Дагы окуңуз: КС: Эл өкүлүнө депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугунда иш козголушу керек деген норма конституцияга каршы