Башкы прокурор Адахан Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаттарынан «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга кайрадан макулдук берүүнү суранды. Анын өтүнүчү парламенттин 31-майдагы жыйынында айтылды.

Башкы прокурордун сунушун парламент төрагасы Нурланбек Шакиев окуп, бул боюнча депутаттык комиссия түзүүнү күн тартибине койду. Мадумаров төрагадан кайсы маселе боюнча сөз болуп жатканын түшүндүрүүнү талап кылды.

«Эки берене менен коюптур: 36-беренесинде (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин 1-бөлүгүндө (Массалык башаламандыктар), 326-беренесиндеги (Бийликти күч менен басып алуу) кылмышты жасаганы үчүн. Экинчи, 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүңүздөрдү өтүнөм” деп жазылган. Коюлган айыптар туура коюлдубу-жокпу атайын комиссия изилдеп чыгат», — деди Шакиев.

Башкы прокурор парламентке Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранып өткөн жылдын февралында да кайрылган. Анда Мадумаровго карата «чыккынчылык» беренеси менен иш козголгону айтылган. Бирок депутаттар башкы прокурордун сунушун четке каккан.

Жакында эле Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентинин 138-беренесинин 1-бөлүгүн Конституцияга каршы деп тапкан. Анда «парламент депутатына карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат» деп жазылган.

Конституциялык сот депутаттар бул норманы регламентке киргизүү менен «укуктук кол тийбестигинин чегин кеңейтти» деп эсептеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын Мадумаровду жоопко тартуу суранычын четке какты

КС: Эл өкүлүнө депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугунда иш козголушу керек деген норма конституцияга каршы