КС: Эл өкүлүнө депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугунда иш козголушу керек деген норма конституцияга каршы

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентинин 138-беренесинин 1-бөлүгүн Конституцияга каршы деп тапты. Анда «парламент депутатына карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат» деп жазылган.

Конституциялык сот депутаттар бул норманы регламентке киргизүү менен «укуктук кол тийбестигинин чегин кеңейтти» деп эсептейт.

Маалыматта эл өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн өзгөчө кепилдиктерге ээ болушу керектиги, бирок алардын кол тийбестиги «чексиз боло албасы жана жасаган кылмышы үчүн депутаттын жоопкерчиликтен толук бошотулушун болжой албайт» деп айтылат.

«Эл өкүлүнө карата депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгүнө жол берген талаштуу ченемдин мазмуну парламенттик кол тийбестик максаттарына туура келбейт, жана жеке артыкчылык элементтеринин пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Кол тийбестик депутаттын өзгөчө укуктук статусунун элементи болуу менен депутатты юридикалык жоопкерчиликтен негизсиз бошотууга өбөлгө боло турган куралга айланбашы керек», — деп белгилешти Конституциялык соттон.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев айрым депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Жогорку Кеңешке бир нече жолу сунуш киргизген.

Былтыр февралда Зулушев депутаттардан «Бүтүн Кырыгызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранган. Прокуратура ага карата «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен иш козгоону көздөп, бирок кийинчерээк «Бийликтен аша чабуу» беренесине алмаштырган.

Иштин козголушуна 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар (узундугу 275 метр) жер тилкесин ижарага берүү боюнча протоколго кол койгону себеп болгон. Мадумаров өзү бул документтин юридикалык күчү жок экенин айткан. Ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчүндө экенин, анын негизинде тажик тарап Төрт-Көчө бөлүгүн талашып жатканын билдирген.

Депутаттар Башкы прокурордун Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун четке каккан.

Үстүбүздөгү жылдын март айында башкы прокурор Бишкектеги «Золотой дракон» мейманканасынын жанында болгон мушташ үчүн депутат Жаныбек Абировду кол тийбестигинен ажыратуу өтүнүчү менен парламентке кайрылган. Анда кафеге келгендер, анын ичинде Абиров ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкерлери менен жаңжалдашып, депутат 26 жаштагы Арген Жекишовду сабап салган. Жекишов башынан жаракат алып, мурду сынганы айтылган.

Прокуратура Абировду «Адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер» беренеси менен жоопко тартууну каалаган.

Бирок Абиров өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырып, жабырлануучу ага карата арыздануудан баш тарткан.