Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине кезектеги маегин куруп, энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими тууралуу айтып берди. Бул боюнча жарлыкты Жапаров 24-июлда чыгарган, ага ылайык энергетика тармагына быйыл 1-августтан тартып 2026-жылдын аягына чейин өзгөчө кырдаал (ӨК) режими кирет.
Өлкө башчысынын айтымында, ӨК режимин киргизүү энергетикада абал «кооптуу» дегенди билдирбейт, ал болгону Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтет.
«Эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлгөн жок. Бул Жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик», — деп түшүндүрдү ал.
Жапаров ӨК режими учурунда энергетика министри башка министрликтердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына тапшырма бере алат деп белгиледи.
Ошондой эле Жапаров 2026-жылга чейин бир топ кичи ГЭСтердин курулушу аяктап, электр энергиясынын кубаттуулугу артарын билдирди.
«Чынында энергияны жылда импорттоо менен биз эчактан бери эле өзгөчө кырдаалда келатабыз. Ошентсе да биз энергияны сырттан импорттоону жылдан жылга азайтып келе жатабыз.Ооба, быйыл суу аз. Бул эми бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы региондогу көрүнүш болуп атат. Ошентсе да биз Кудай буюрса, кыштан аман-эсен жакшы чыгабыз деп турабыз. Себеби ЖЭБди эске алганыбызда жана ошондой эле башка өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыштан көйгөйсүз чыгабыз. Андыктан, элибиздин электр энергиясы боюнча сарсанаа болуусуна эч негиз жок», — дейт ал.
Жапаров жарандар «энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаалдан улам кышындай кыйналабыз» деген чагымчыл кептерге алдырбашы керек. Анын айтымында, «бийлик жаңылса экен, жыдыса экен, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн жана жамандык издеген» бир ууч топ бар.
«Бирок, биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат», — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.
24-июлда президент Кыргызстандын энергетика тармагына 2023-жылдын 1-августунан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мындай чечим «климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен өлкөнү чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында» кабыл алынганы белгиленген.
Жарлыкка ылайык, Энергетика министрлиги кеңири ыйгарым укуктарга, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо укугуна ээ болот.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев минкаб энергетиктерге электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугун жогорулатып, үч жыл ичинде электр энергиясын сатып алган эмес, экспортко чыгарган өлкөгө айлануу милдетин койгонун айткан.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын ноябрында өлкө энергетикасындагы каатчылык тереңдеп кеткенин айткан. Калктын электр энергиясын керектөөсү жыл сайын өсүп жатат, ал эми өлкө азырынча бүрөөк энергия өндүрө албайт.
Ошондуктан өлкөдө электр энергиясы таңкыс болуп, мамлекет таңкыстыкты коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо жана жер-жерде жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр аркылуу абалды кармап турууга аракет кылып жатат.
Бирок быйыл таңкыстыкка байланышкан жагдай курчуп кетиши мүмкүн, себеби өлкөнүн электр энергиясын берген башкы булагы — Токтогул суу сактагычы — сууга толбой жатат.
Ал эми 2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.