ЖК комитети мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Парламенттин социалдык саясат комитети 11-ноябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды.

Документте мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине бир эле убакта жеке клиникаларда да иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери — депутаттар Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы жана Бахридин Шабазов.

Документтин авторлорунун пикиринде, мындай чара коррупциялык схемалардын санын азайтып, коомдун дарыгерлерге болгон ишеничин жогорулатат жана медицинанын сапатын жакшыртат.

Демилгечилер мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери бир эле учурда жеке клиникаларда иштегенде коомдун жана мамлекеттин саламаттык сактоо тармагындагы кызыкчылыктарына жеке кызыкчылыктары каршы келген кырдаалдарга туш болушу мүмкүн деп эсептөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 193 мамлекеттик медициналык мекеме бар.