УКМКнын башчысы жана Минкаб төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев «Клооп» менен Temirov Live'дын иликтөөсү боюнча комментарий берди. Иликтөөдө Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданынын жери менен «Ай-Пери» бизнес-борборун вьетнамдык олигархиялык үй-бүлөгө жана кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мурдагы өнөктөшүнө байланышы бар компаниялар базар баасынан арзан алганы жөнүндө айтылат.
«[Болот Темиров] жок эле жерден президентибизге сөз келтирип, “кытайларга жер сатып жиберди, вьетнамдарга жер сатып жиберди” деди. Ошону журналист деп эсептесек болобу? Ал вьетнамдарды алып келиш үчүн бир жылдан бери чуркайбыз. Кыргызстанга акчасын салып, инвестиция алып келиши үчүн. Мындан эки апта мурун Бишкек мэри Айбек Жунушалиев сүйүнүп телефон чалыптыр. Баягы вьетнамдар акчасын которду, жакшы болду, бизге келип акча түштү деп. Канча миллиард экени эсимде жок», — деди Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында сүйлөп жатып.
УКМК башчысы ал акчаны президент «чөнтөгүнө салып албаганын» кошумчалады.
«Инвестицияларды алып келип жатышат, а [Темиров] “жок, сатып жиберишти” деп жатат. Ушуну уккан инвестор эртең келбейт. Аны журналист эмес, бүлүк салуучу дейт», — деди Ташиев.
Күн мурун «Клооп» менен Temirov Live «Ак-Кула» ат майданынын 53 гектардан ашык жерин бийлик бөлүп төлөө шарты менен базар баасынан арзан сатканы жөнүндө иликтөө жарыялаган.
Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, ат майдан кеткенден бир күн мурда «Ай-Пери» бизнес-борборунун 6 миң чарчы метрге жакын имараты вьетнамдыктарга сатылган. Ичинде дүкөндөр, кеңселер жана ресторандар бар Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү имаратты алар ошол райондогу чарчы метрдин орточо баасынан 1,5 эсеге арзан алышты.
Журналисттер бул активдерге ээ болгон компаниялардын артында вьетнамдык олигархиялык үй-бүлө — Туан Тран менен анын жубайы жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мурдагы өнөктөшү турарын аныктап чыгышкан.