Депутаттар парламенттин 23-январдагы жыйынында майыптыгы бар жарандарды зордуктоо үчүн жазаны катаалдатууну сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл алышты.
Документтин демилгечилери — депутаттар Жылдыз Садырбаева менен Марлен Маматалиев. Алардын айтымында, акыркы кездери майыптыгы бар адамдардын жыныстык кол тийбестиги бузулган учурлар бир канча жолу катталган.
«Үй-бүлөдөгү балдарга, аялдарга жана майыптыгы бар адамдарга карата жасалган туруктуу сексуалдык зомбулук олуттуу психикалык, физикалык жана интеллектуалдык бузулууларга алып келиши мүмкүн. Алар кийин жабык мекемелерге жайгаштырылгандан кийин да сексуалдык зомбулукка жана катаал мамилеге дуушар болуу тобокелдиги сакталып кала берет»,— деп жазылган документтин түшүндүрмөсүндө.
Депутаттар майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо үчүн 60 жаштан ашкан зордукчулардын да жазадан кутулуп кетүү мүмкүндүгүн жокко чыгарууну сунуштап жатышат.
«Мыйзам боюнча 60 жаштагы эркектер жазадан кутулуп кетишет, анткени Конституцияга ылайык, жашы өтүп калган эркектер 18ге чыга элек кыздардай эле өмүр бою эркинен ажыратылбайт»,— деп билдирген буга чейин Садырбаева.
Укук коргоочулардын пикиринде, Кыргызстанда майыптыгы бар аялдар кыйла аярлуу абалда болушат. Көпчүлүк учурларда алар катаал мамилеге улам-улам кабылышат жана сексуалдык зомбулук учурлары сотко өтө сейрек жетет. 2023-жылдын ортосунда жарыяланган изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар кыздардын 40 пайыздан 60 пайызга чейинкиси 18 жашка чыга электе эле сексуалдык зомбулукка кабылат.