Депутаттар парламенттин 19-февралдагы жыйынында экс-депутат Гүлшаркан Култаеваны Боршайкомдун мүчөсү кылып шайлашты.
Анын талапкерлиги президенттик квота боюнча сунушталды.
Култаева буга чейин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 18-февралда ал өз каалоосу менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.
БШК бошогон мандатты «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде кийинки болуп жайгашкан Гүлсүнкан Жунушалиевага тапшырып, ал парламентте ант берди.