Кыргызстандыктар той менен тажыяга канча коротушат?

БУУнун Калк фонду Кыргызстандагы жарандардын насыялары тууралуу маалыматтарды чогултуп, элдик сайрандарга кеткен каражатты аныктап чыккан.

Фонддун маалыматы боюнча, кыргызстандыктар алган 20 насыянын бири тойго сарпталат.

Аймак боюнча алдыңкы сапка Ош чыккан. Анда каражат берген мекемелерден алынган ар бир алтынчы насыя той үчүн алынат.

Карыз алгандар негизинен эркек кишилер. Алар өлкөнүн 19,4 пайызын түзөт.

Бишкекте көрсөткүчтөр төмөн болгону менен тойго насыя алгандар негизинен аял кишилер — 8,3 пайызды түзөт.

Жаш курагы боюнча 20 жашка чейинки аялдар алдыда. Ар бир жетинчи карыз той өткөрүү үчүн алынган.

Эркектердин арасында эң ири сайрандарга карыздарды 70 жаштан ашкан адамдар алышат. Ар бир онунчу карыз тойго же болбосо тажыяга сарпталган.

Миллион керек

Өлкөдө ар бир эле жашоочу салтанаттуу иш-чара өткөрүш үчүн насыя алганга даяр эмес. Оштун жашоочусу 2016-жылы баласына той өткөрүш үчүн шаар мэрин миллион сом бөлүп берүүсүн өтүнгөн.

«Өзүмдүн тарыхый 66 жылдыгымды жана баламдын үйлөнүү тоюн маданияттуу өткөрүш үчүн кайтарымсыз түрдө 1 миллион сом бөлүп берүүңүздү өтүнөм. Тойду 2016-жылдын 10-октябрында өткөрүүнү пландап жатабыз», — деп жазган Махмуратхан Турдуева муниципалитетке жазган өз кайрылуусунда.

Мэр Оштун тургунунун өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан.

«Эгерде шаар тургуну бизге бюджетти бекиткенге чейин кайрылганда, шаардык кеңештин каралышына жөнөтмөкпүз. Ал сунушту аткара албасак керек», — деген шаар башчы.

Той жана тажыялар боюнча бийлик эмне дейт?

Кыргызстандын жарандарынын «чоң иш-чараларга» кеткен чыгашасын чектөө дээрлик жыл сайын каралат.

Көрүлгөн аракеттердин баары ийгиликсиз болуп, кагаз бетинде гана кала берген. Ал эми айрым депутаттар менен тарыхчылар болсо алдын ала эле бийликтен той менен салтанаттарга кеткен чыгашаны чектей албасын айтышкан.

Бул маселе 2015-жылы министрлер кабинетинде вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын катышуусу менен каралган.

«Орточо бир тойдун баасы орточо бир үй-бүлөгө болжолдуу 1,5 млн сом турат. Бул акча менен болсо ошол эле орточо үй-бүлөнүн бир нече жылга керектелген каражатын жапса болот. Адамдар чоң пайыздар менен насыяларды алышып, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана башка ойлоп тапкан майрамдарды өткөрүп жатышат», — деген Кудайбердиева.

Ошол эле 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбооруна кол коюп, ага ылайык, бештен ашкан үлпөт машиналарына «автобейбаштык» үчүн штраф каралган.

2013-жылы вице-премьер-министр Камила Талиева жарандарды чыгашаларга «ойлонуп мамиле кылууга» чакырган.

«Өкмөт иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салбайт, бирок биз акчалар ойлонуштурулуп, туура пайдаланылышын каалайбыз», — деген ошондо Талиева.

2011-жылы «Ар намыс» партиясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана майрамдык салтанаттарга 200дөн ашык кишини чакырууга тыюу салган мыйзам долбоорун парламентте сунуштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: