Жогорку Кеңештин депутаттары миң жана андан ашык жазылуучусу бар болгон коомдук түйүндөрдүн колдонуучуларынын реестрин түзүп, аларды белгилүү бир эрежелерге баш ийүүгө милдеттендиргиси келип жатат. Эрежелердин арасында аты-жөнүн, байланыш номерлерин көрсөтүү, сөгүнбөө, «такталбаган маалыматты» жарыялабоо жана башка ондогон жоболор бар. Бул эрежелерди сактабагандарга беш миңден 100 миң сомго чейин штраф салуу каралган.
Социал-демократ Дастан Бекешев жана «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Акылбек Жамангулов менен Алтынай Өмүрбековалар «бир күндүн ичинде бир миңден ашуун колдонуучу окуй алган» интернет барактардын ээлерин «блогерлер» деп атоону сунуштап жатышат.
Бирок муну менен депутаттар фэйсбуктагы жазылуучулар менен достордубу же болбосо интернет сайттардагы кароолордун санын айтып жатабы — түшүнүксүз.
Депутаттар «блогерлерди» төмөнкүлөрду аткарууга милдеттендирүүнү сунуштап жатышат:
- Өз барагында өз фамилиясын жана инициалдарын, ошондой эле электрондук дарегин жазуу;
- Интернеттеги барагын кылмыш жазык иштерине «колдонууга жол бербөө»;
- Мамлекеттик сырды ачыкка чыгарбоо;
- Элди теракт жасоого жана терроризмди коомдо актоого чакырган материалдарды жарыялабоо;
- Порнография менен зомбулукту пропаганда кылган материалдарды жарыялабоо;
- Уят сөздөрдү колдонбоо;
- Жарыялап жаткан материалды чыгараардан мурда тактыгын текшерүү жана такталбаган маалыматты «токтоосуз» өчүрүү;
- Мыйзамды бузуп бир жарандын жеке жашоосу тууралуу маалыматты жарыялабоо;
- Референдум жана шайлоолор жөнүндөгү мыйзамда каралган тыюуларга жана чектөөлөргө баш ийүү;
- Жаран менен уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде жарандардын ар намысын, беделин жана иш репутациясын жана уюмдун иш репутациясын сактоо.
Мыйзам долбоору колдонуучуларга милдеттенмелерди эле эмес, ошондой эле укуктарды да берет. Депутаттар «блогерлерге» төмөнкүлөрдү аткарууга уруксат берүүнү сунуштап жатат:
- Маалыматты эркин издөө, алуу, берүү жана таратуу;
- Өз барагында атын же каймана атын көрсөтүү менен жеке оюн билдирип, баасын берүү;
- Эгерде мыйзамга каршы келбесе, өз барагында башка колдонуучулардын материалдарын жайгаштыруу;
- Мыйзамга ылайык жарнама жайгаштыруу.
Мыйзамдын аткарылышын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көзөмөлдөйт, бирок азырынча кайсы орган экени, чындыгында, белгисиз. Бул орган, ошондой эле, «бир күндүн ичинде бир миңден ашуун колдонуучу окуй алган» интернет барактардын реестрин түзөт.
Бул орган төмөнкүлөрдү аткарат:
- Коомдук желелерди жана интернет сайттарды көзөмөлдөө;
- Кайсы колдонуучу «блогер», ал эми кайсынысы «блогер» эмес экенин бекитүү;
- Сайттардан жана «блогерлерден» реестр түзүү үчүн маалымат суроо. Бул сурамга он күндүн ичинде жооп берүү милдеттендирилген;
- «Блогерди» аныктоого мүмкүнчүлүк берген маалыматты провайдерлерден талап кылуу. Провайдер үч күндүн ичинде маалыматты берүүгө милдеттендирилген.
Эгерде «блогердин» аудиториясы азайса, анда ал арыз жазып, реестрден чыгып кетсе болот.
Бул мыйзамды бузгандар штраф төлөшү керек. Физикалык жактар беш миң сомго чейин, кызматтык адамдар он миң сом, ал эми юридикалык жактар 100 миң сом.
Мыйзам долбоорунун негиздөөчү аныктамасында айтылгандай, интернет булактар менен коомдук желелер такталбаган маалыматтарды жайгаштырып жатат, ал эми мамлекеттин «объективдүү маалымат» менен камсыздоо аракеты сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алынууда.
Орусиянын мыйзамынын көчүрмөсү
Бекешев, Өмүрбекова жана Жамангулов тарабынан талкууга сунушталган мыйзам долбоору Орусиянын 2014-жылдын 5-майында күчүнө кирген «блогерлер жөнүндөгү мыйзамынын» интерпретациясы болуп эсептелет.
Орусияныкынан кыргыз мыйзамынын негизги айырмасы — Орусияда «блогер» деп бир күндө 3000ден ашуун окурманы болгондор эсептелет.
Коомдук түйүндө жазганы үчүн сот
Кыргызстанда коомдук түйүндө жазганы үчүн эбак эле юридикалык жоопкерчиликке тартышкан. 2017-жылдын январында сот активист Мавлян Аскарбековго 700 сом штраф салып, фэйсбукта жазгандарын төгүндөөгө милдеттендирген. Ал депутат Дастан Бекешевди сокурлар жана дүлөйлөр коомунда алдамчылык кылган деп күнөөлөгөн.
Ушундай эле окуя оппозициячы Адил Турдукуловдун башынан өткөн. Аны 2016-жылдын декабрь айында президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев сотко берген. Өз арызында Мамбеталиев эки жыл мурда Турдукуловдун фэйсбук барагында жазгандары анын ар намысына доо кетиргенин айткан. Териштирүү иштери уланууда, бирок азырынча сот чечими чыга элек.
Жазган ырлары үчүн 2016-жылдын декабрында атайын кызматтар акын Темирлан Ормуковду текшерүүгө алган. Ал ырларында президент Атамбаевди шылдыңдаган.
2016-жылдын майында болсо Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну Абдулло Нурматов камалган имам Рашод Камоловдун сүрөттөрүнө «Одноклассникиде» «класс» басканы үчүн кармалган.
Ал эми 2017-жылдын январында депутат Ирина Карамушкинанын сурамынын негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «президент Атамбаевдин дарегине терс маанидеги маалыматтарды тараткан» делип 45 колдонуучуну аныктап чыккан. Алардын 11ине эскертүү берилген. Аларды сотко чакырып, же аларга штраф салынган эмес, анткени административдик жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамда расмий формулировка болгон эмес.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Атайын кызматтар Атамбаевди «Фэйсбукта» сындагандарды текшеришүүдө
- «Класс» үчүн камакка алуу, фэйсбуктагы пост үчүн депортация жана УКМКнын сайтын бузуу. Кыргызстан интернетте «жарым жартылай эркин» өлкө