Сот Садыр Жапаровду 28-майга чейин ТИЗОго камады

Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен мурдагы депутат Садыр Жапаровдун камакта отура турган мөөнөтүн узартты. Ал 2013-жылдагы киши өлтүрүү менен коркутуу жана адамды барымтага алуу боюнча айыпталууда.

Жапаровдун адвокаты Бактыбек Асамудиров Kloop.kgге сот мурдагы депутаттын камак мөөнөтүн узартууну чечкенин айтты, анткени УКМКнын тергөөчүлөрү дагы эки беттештирүү өткөрүшү керек экен.

Анын айтымында, тергөө органдары бир да аракетин Садыр Жапаровсуз жүргүзгөн эмес, ошого карабастан анын камак мөөнөтү узартылып жатат.

«Биз башка баш коргоо чаралары бар экенин айтып, анын ден соолугуна, үй-бүлөлүк абалына, жарандыгына көңүл бурууну суранганбыз, бирок ал жардам берген жок», — деди ал.

Мурдагы депутаттын аялы Айгүл Жапарова Kloop.kgге соттун чечимине каршы даттанаарын айтты.

«Азыр мен анын ден соолугуна кабатыр болуп жатаам, тергөөдөн кайрадан күйөөм менен жолугууга уруксат берүүнү суранып жатам. Мен ал үчүн күрөшүүдөн чарчабайм», — деди ал.

Жапаровдун кармалышы

Мурдагы депутат Садыр Жапаров Кыргызстанга 25-мартта келген, анткени Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары чакырылган. Ал кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен атайын кызмат өкүлдөрү аны кармап кетип ТИЗОго камап коюшкан.

Жапаров 2013-жылы Кумтөрдү мамлекеттештириш үчүн болгон митингди каржылаган деп айыпталууда. Ага каршы «Киши өлтүрүү менен коркутуу», «Барымтага алуу», «Ээн баштык», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2013-жылы Жапаров митингдегилерге Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген.

Жапаров № 1 ТИЗОдо 2-апрелде өз тамырын кыйып жиберген. Ал №47 түзөтүү колониясынын санитардык бөлүгүндө операцияланган.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154526769369639/

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тараткан видеодо мурдагы саясатчы өз денесин эмнеге кескени эсинде жок экенин, анткени дендароо абалда болгонун айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: