Атамбаевдин Түркиядагы бычымдары тууралуу жаңы маалыматтар. Эмне белгилүү болду?

Коомдук ишмер Эдил Байсалов президент Алмазбек Атамбаевдин 2000-жылдардын башында Түркияда түзгөн келишимдери тууралуу жаңы документтерди ачыкка чыгарды. Ал маалыматтардан жаңы эмне белгилүү болду?

Байсалов 25-апрелдеги басма сөз жыйынында азыркы президент 2000-жылдардын башында алек болгон Атамбаевдин Түркиядагы ишкердиги тууралуу документтер пакетин элге алып чыкты.

Өз байлыгынын келип чыгышы тууралуу президент өзү быйыл апрелде жарыя кылып, Башкы прокуратурага Түркиядагы өз бычымдары тууралуу документтерди көрсөткөн. Атамбаевдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул документтер президент 2003-жылдын башында «Elektromed Elektronik» ишканасындагы акциялардын 90 пайыздык үлүшүн 35 миллион долларга сатып жибергенин айгинелейт. Ал тууралуу кененирээк бул жактан окуса болот.

Байсаловдун басма сөз жыйынынын жазымы:

Түркиянын Соода регистриндеги жарыкка чыккан документтер бул бычымдардын чоо-жайын жакшыраак түшүндүрөт. Ал маалыматтардан эмне белгилүү болду?

«Gulcanlar Elektrik Elektronik» ишканасы «Elektromed Elektronik» болуп өзгөрбөгөн болушу мүмкүн

Документтерге ылайык, 2000-жылдын 9-ноябрында Атамбаев Түркиядагы «Gulcanlar Elektrik Elektronik» компаниясынын 1800 акциясын 45 миллиард лирага сатып алган. Саткандар Режеп Гүлжан (1360 акция) жана Левент Коркмаз (440 акция) болгон.

Ошентип Атамбаев «Gulcanlar Elektrik Elektronik» ишканасынын акцияларынын 90 пайызына ээ болуп калган. Дагы 10 пайызы (200 акция) Левент Коркмазга тиешелүү бойдон калган.

Келишимдин өзү 2000-жылдагы президенттик шайлоодон 10 күн өткөн соң түзүлгөн, анда Атамбаев 6,2 пайыз добуш алып, (биринчи орун алган) Аскар Акаевге жана (экинчи орун алган) Өмүрбек Текебаевге утулуп калган.

Байсалов 12-апрелде Атамбаевдин басма сөз кызматы маалымдагандай «Gulcanlar Elektrik Elektronik» ишканасы «Elektromed Elektronik» болуп өзгөртүлгөн эмес деп билдирет.

Далил катары коомдук ишмер көрсөткөн документтерде компаниялар өз ара отчеттулуугу жок жана бири-бирине көз каранды болбостон иш жүргүзүшөт.

«Атамбаев «Gulcanlar Elektrik» компаниясынын 90% пайызынан баш тарткан. «Холдинг Elektromed» холдинги таптакыр өзүнчө жана андан көз каранды болбогон түзүм болуп эсептелет. Бул мисалы “Дордой” базарында соода кылган киши базардын баарына ээлик кылам дегендей эле кеп. Экөө таптакыр эки башка нерсе», — деди Байсалов Kloop.kgин кабарчысы менен болгон маекте.

«Gulcanlar» компаниясындагы акцияларды Атамбаевге өткөрүп берүү жөнүндө документ.
«Gulcanlar» компаниясындагы акцияларды сатуу жана аларды Ахмет Уфук Коркмазга жана Левент Коркмазга өткөрүп берүү жөнүндө документ.
«Elektromed Elektronik» ишканасынын акция ээлери тууралуу 2002-жылдын октябры үчүн маалымат, арасында Атамбаев жок.

Мисалы, 2002-жылдын октябрында эле «Elektromed Elektronik» ишканасынын уставдык капиталы 12 триллион түрк лирасын түзгөн, ал эми «Guncanlar Elektrik Elektronik» ишканасынын капиталы 50 миллиард лирага барабар болгон.

Жаңы маалыматтар боюнча, «Elektromed Elektronik» ишканасынын акцияларына 2002-жылдын октябрында Ахмет Кая, Али Фатих Шахин, Мехмет Шахин жана «Tunga Tekstil Konfeksiyon» жана «Tepas Belgisayar Yazilim» компаниялары ээлик кылышкан. «Elektromed Elektronik» ишканасынын акция ээлеринин арасында Атамбаев болгон эмес.

ТЕМА БОЮНЧА

2003-жылдын 31-январындагы бюллетенде болгон маалыматка ылайык, Атамбаев өзүнүн 90 пайыз акцияларын (1800 акция) Ахмет Уфук Коркмазга өткөрүп берген, балким ал Левент Коркмаздын тууганы болушу мүмкүн. Бычымдын өзү 2002-жылдын 27-декабрында нотариуста күбөлөндүрүлгөн.

Ошентип Атамбаев аркылуу акциялар толугу менен Коркмаздарга: Ахмет Уфукка (90 пайыз) жана Левентке (10 пайыз) өткөн.

2000-жылдардын башындагы Левент менен түзүлгөн бычымдардын өзү эле Атамбаев алар менен «Foreks Makina» компаниясынын акцияларын сатканга чейин тааныш болгонун көрсөтөт, ал тууралуу маалыматты Kloop.kgнин кабарчылары таап чыгышкан.

«Foreks Makina» боюнча бычымдын жагдайлары маалым болду

«Foreks Makina» — Алмазбек жана Раиса Атамбаевдердин биргелешкен компаниясы — 2002-жылдын мартында түзүлгөн. Компаниянын уставдык капиталы — 140 миллиард түрк лирасы, жалпысынан 5600 акция, ар биринин номиналы 25 миллион лира.

Жубайлардын ар бири компаниянын 50 пайыз үлүшүнө ээ болуп, аны алар 2002-жылдын  октябрында Ахмет Уфук Коркмазга жаа Алия Коркмазга сатып жиберишкен. Бул бычымдар тууралуу маалымат Түркиянын Соода регистринин бюллетенинде 2006-жылы гана чыккан.

Атамбаевдин мүлкүнүн келип чыгышы боюнча суроолор президент Кипрде ишкерлик кызыкчылыгы бар экенин айткан «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин дооматтарынан кийин пайда болгон.

Текебаев Кипрдеги документтерди далил катары жарыкка чыгармакчы болгон, бирок жетишкен эмес. Ал алдамчылык жана коррупция боюнча айыпталып, 26-февралга караган түнү кармалган, эми оппозициячы тергөө изоляторунда отурат.

Президент болгон соң Атамбаев Түркиянын жетекчилигине достук мамилесин далай жолу көрсөткөн. Ал жыл сайын Түркияда болот жана президент Режеп Эрдоган менен бир нече ирет жолугушкан.

Атамбаев Түркияга саясий маселелер боюнча эле барып тим болгон эмес — президент маал-маалы түрк дарыгерлерине барып ден соолугун оңдоп турат. 2014-жылы Атамбаев ал жактан тизесине операция жасатып, 2016-жылы болсо Измирде инсульттан кийин ооруканага жаткырылган.

Авторлошу: Нуржамал Жанибекова