Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух-Ордо» маданий борборундагы бомба тууралуу маалыматтан соң милиция аны курчоого алды. УКМКнын кызматкерлери сейил бактын аймагын тинтүүгө алып, жарылуучу зат табышкан жок. Коопсуздукту тастыктоо үчүн ал жакка саперлор чакырылды.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге билдиргендей, коюлган бомба тууралуу анонимдүү маалымат 2-июль күнү таңкы саат алтыда келип түшкөн. Маданият борборго УКМКнын адистери чакырылган.
«УКМКнын кызматкерлери тарабынан алдын-ала текшерүү иштери жүргүзүлгөн, бирок эч кандай шектүү зат табылган эмес. Кошумча текшерүү иштерин жүргүзүүгө Бишкектен саперлор жолго чыгышты, алар келген маалымат жалган экенин тастыктоолору керек», — деди ал.
Күч органдары бир гана маданий борборун эмес, жакынкы аймактарды да курчоого алышты.
Качан гана саперлор аймак коопсуз экенин тастыкташкан соң курчоо алынат.
Которгон Алмир Алмамбетов
ТЕМА БОЮНЧА:
- УКМК: Караколдун №11 мектеп-гимназиясы бомба тууралуу билдирүүнүн айынан курчоого алынды
- УКМК: Филармониянын жанында колго жасалган бомбанын муляжы табылды
- Бишкектеги Кайгуул милициясынын имаратында бомба табылган жок