Социал-демократ Жылдыз Мусабекова аялдардын укугу үчүн жөө жүрүшкө чыккан катышуучулардын дарегине сын айтып чыкты, анын ичинде ага «жети апамды билем» деген да плакат жакпай калган. Бул 2017-жылы өзүн Мусабековамын деп тааныштырып, журналист кызды коркуткан делген парламенттин депутаты. Ал журналист кызды «бетиңди тилип, териңди тескери сыйрып, 10 эркекке салып берем» деп коркутканы айтылган.
КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова өзүнүн фейсбук аккаунтунда 8-мартка карата аялдардын укугу үчүн жөө жүрүштүн катышуучуларын сындаган пост жазган.
Депутат постуна иллюстрация катары «Жети апамды билем» деп жазылган плакатты кармап турган жаш жигиттин сүрөтүн колдонгон. Бул негизи эркектер гана эскерилген ата текти эстөө болуп саналат.
«Мен өзүмдүн жети апамды тең билем! Мен бул сөздөрдү кыргыздарда бардык 7 атаңды, чоң аталарың билүү керек деген салт бар экендиги үчүн жаздым. Бирок ошол эле маалда эч качан чоң апаларыбыздын аттарын жаттаган эмеспиз, бул адилетсиздик. Эгер аталардын аттарын жаттай турган болсок, анда апалардын да аттарын жатка билүүнү талап кылам», — деп айтып берген плакат кармаган бала «Клоопко».
Мусабекова постун «ак калпакчан кыргыз» жана «кепка кийген киргиз» жөнүндөгү аңгемеден баштаган — биринчиси өзүнүн жети атасын билген болсо, экинчиси апам эки эле күйөөгө тийген деп айткан. Андан кийин эл өкүлү жөө жүрүштүн катышуучуларын — ал жакта ар кайсы курактагы жана жыныстагы 400гө чукул адам болгон — «энеси же атасы жети эрге тийгендердин же жети аял алгандардын эси жок балдары» деп атаган.
«Мен кыргыздын кызымын, чай куйгандан, кир жуугандан намыстанбайм. (…) Бактылуу үй-бүлө үчүн күн-түн чай куюп, тамак жасап, кир жууп, жер казып, ак эмгек менен жашаганым — чоң олжо. Аныма арданбайм, бүгүн мен ийилип чай куйсам эртең мага жүгүнүп чай сунган жаркын келиним болот», — деп жазат депутат аял.
Мусабекова жөө жүрүшкө чакырылганын, бирок «грант жеп оокат кылгандар кандайдыр бир оюн уюштуруп атканынан» баруудан баш тартканын жазган.
Мурдараак жөө жүрүштүн уюштуруучулары маалымдашкандай, алар чын эле депутат айымдарды жөө жүрүшкө чакырышкан, бирок депутаттар иш-чаранын күн тартиби «салттуу эмес мүнөздө» экен деп айтып катышуудан баш тартышкан. 2018-жылы кыргыз кыздары курман болгон бир катар чуу жараткан окуялардан улам жөө жүрүшкө коопсуздук маселеси башкы тема болуп коюлган. Бул окуялардын арасында эки курдай эркине каршы никеге туруу максатында ала качылып, андан кийин ала качкан эркектин колунан милиция бөлүмүндө каза тапкан Бурулайдын да окуясы бар.
Мусабекова кантип аялдарды зомбулуктан коргоого үндөгөн?
Бурулайдын өлүмүнөн кийин депутат Мусабекова аялдарга каршы зомбулук менен күрөшүүгө чакыргандардын бири болгон эле.
2018-жылы июнда Мусабекова өзүнүн фейсбук барагында кайрылуу жасаган. Кайрылуусунда ал аялдар «дайыма запкы жеп келишет» деп жазып, биригишип аялдар менен энелерге начар мамиле жасагандарга каршы күрөштү баштоону сунуштаган.
Ошондой эле ал аялдардын укуктарын коргогон уюмдарды «грант болмоюн баш көтөрбөйт» деп күнөөлөп, соц тармактардан коомчулук түзүү менен «грант деп отура бербей иш баштайлы» деп сунуштаганы бар.
Мусабекованын укук коргоочулардын дарегине коюп аткан айыптарын адилеттүү деп атоого болбойт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, коомдук кризистик борборлор жабыркаган аялдар дайыма кайрылган жерлер болуп саналат. Мамлекеттик медициналык жайларга, ошол эле маалыматтарга ылайык, жапа чеккен аялдар бир жарым эсе аз кайрылышат. Мусабекова аялдарды зомбулуктан коргоого чакырганы менен ал өзү да журналистти коркутуу боюнча айыпталган.
«Бетиңди тилип, териңди тескери сыйрыйм»
2017-жылы журналист Үпөл Анаркулова депутат Жылдыз Мусабекова менен сүйлөшкөн сөзүнүн аудиожазмасын жарыкка чыгарган. Анда Мусабекова болушу ыктымал аял Анаркулованы «бетиңди тилип, туз менен сээп коём» деп коркуткан.
Урушка Анаркулованын макаласы себеп болгон, анда журналист Мусабекова Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акиминин «крышасы» экенин жазган.
Мусабекова өзү журналист менен сүйлөшкөнүн тастыктап, бирок соц тармактарда жарыяланган аудиожазма «монтаждалган» деп көшөргөн. Анаркулова өз учурунда эч кандай монтаж кылынбаганын айтып, Мусабекованын үстүнөн прокуратурага арыз жазган.
«Сен кимсиң? Сен ойлодуңбу, жазып койсо эле унчукпайт деп? Мен сени эртең барып туруп бетиңди түздөп, туз сээп кетем, жалап, уктуңбу? Сеничи ээ, териңди тескери сыйрып, 10 эркекке салып берип туруп кетем. Мен Мусабековамын. Уктуңбу? Билген жериңе жазгының», — деген ал аудио жазмада.
Мусабекова мүчөсү болгон социал-демократтардын партиясы бир нече жолу депутаттын жүрүм-турумун талкулоого аракет кылганы менен ал бул отурумдарга келген эмес. Мусабекова 2015-жылдын аягында мандат алган социал-демократтардан парламентке шайланган депутат. Ал 1995-жылдан тартып ар кайсы кыргыз тилдүү басылмаларда журналист болуп иштеп, «Форум» жана «Айат» гезиттеринин башкы редактору болгон. Өз иши үчүн ал ардак баракчалары жана маданиятка эмгек сиңирген ишмер деген наам менен сыйланган.
ТЕМА БОЮНЧА:
«Бетиңди тилип туруп туз менен сээп коем, жалап». Депутат Мусабекова журналист кызды опузалаганбы?