Башкы прокуратурага депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн арыз жазылды

«Алиби» гезитинин журналисти Үпөл Анаркулова депутат Жылдыз Мусабековага каршы арыз жазып Башкы прокуратурага тапшырды. Депутат журналистти опузалагандан кийин жагдайды талкуулаш үчүн өткөрүлгөн КСДПнын отурумдарында келген эмес.

Журналисттин айтымында, соттук териштирүүлөргө чейин жеткирбеш үчүн депутат эл алдында кечирим сурап койсо жетиштүү болот.

«Мен 12-майда эле арыз жазгам, бирок азыркы күнгө чейин эч ким мени менен байланыша элек. Депутаттар бул маселени талкуулабаш үчүн каникулду күтүп жүрүшөт. Андан мага эч нерсе керек эмес, болгону кечирим сурап эле койсун», — деди Анаркулова.

Социал-демократ Жылдыз Мусабекова журналистти опузалаганы боюнча фракциянын бир да отурумуна катышкан эмес.

КСДПнын башчысы Иса Өмүркулов депутаттын отурумга келбегенин анын ооруп калганы менен түшүндүргөн. Бирок Мусабекова ошол учурда башка иш-чараларга катышып жүргөнү байкалган. Мисалы, 9-июнда өткөн отурумга катышуунун ордуна ал Нарынга барууну артык көргөн.

«Алиби» гезитинин журналисти менен эл өкүлүнүн ортосундагы жаңжал макаланын айынан күчөп кеткен.

Өз макаласында Анаркулова Мусабекованы коррупция боюнча айыптап, Тоң районунун акимин «калкалайт» деп жазган.

Макала жарык көргөндөн кийин журналист депутат чалып опузалап атканын айтып, аудио жазманы чыгарып жиберген.

Сүйлөшүү учурунда өзүн Мусабекова деп атаган аял Анаркулованы кемсинтип, «10 эркектин астына салып берээрин» айтат.

«Бетиңди түздөп коём. Үпөлсүңбү, Сүпөлсүңбү, шлюхасыңбы, проституткасыңбы, сен кимсиң антип жазгыдай? Сен кимсиң, блядь?» — дейт ал жазмада.

Мусабекова өзү Kloop.kgнин кабарчысына чын эле журналист кыз менен сүйлөшкөнүн, бирок жазып калган маек «пландалган жана монтаждалган экенин» айткан.

Журналист кыз өзү аудиожазманын толук түрүн чыгарганын, баары жазмадагыдай болгонун билдирген. Анаркулованын айтымында, ортодогу сөздү жанындагы кесиптеши уккан жана баарын ырастап бере алат.


ТЕМА БОЮНЧА: