Америкалык Foreign Policy басылмасы этникалык кыргыздардын — музыкант, фольклорист жана студенттердин Шинжаңда жоголуусу тууралуу макала жарыялады. «Клооп» материалдын мазмунун кыскача баяндап берет.
Foreign Policyнин маалыматы боюнча, Шинжаңда бери эле дегенде 35 этникалык кыргыз жоголуп кеткен — бардыгы Бишкектин ЖОЖдорунда окуп жатышкан. Алар Кытайдагы кичи мекенине кайтышкандан бери «дайынсыз болушууда».
Басылма Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алып жаткан шинжаңдык кыргыз Тургуналы Турсуналы уулунун окуясын баяндайт. Студент манас таанууну изилдөө үчүн Кыргызстанга келет. Анын чоң атасы — Жусуп Мамай залкар манасчы болгон, ал эми Турсуналы уулу болсо улуттук бийлерге кызыгып, кыргыздардын «Кара Жорго» бийин тааныткысы келип жүргөн.
Турсуналы уулу 2018-жылы күзүндө Шинжаңга чыгып кеткен, анын айтымында, ал «чоң атасы мураска таштап кеткен адабияттарды сактап калуу» үчүн үйүнө кайтып барган. «Турсуналы уулунун ырастоосу боюнча, Шинжаңдын бийлиги чоң атасынын китептерин конфискациялап, балким жок да кылып коюшкандыр. Тургуналы китептердин кайсы бир бөлүгүн сактап калууга үмүттөнгөн», — деп жазат Foreign Policy.
Жаш жигит октябрда жоголуп «байланышка чыкпай калган». Басылма жергиликтүү бийлик Турсуналы уулун Шинжаң районунда азчылыкты түзгөн мусулмандарды жөнөткөн кайра тарбиялоочу лагерге алып барып салган деп эсептейт.
Басылманын пикиринде, Кытай бийлиги Турсуналы уулун кайра тарбиялоочу лагерге жиберген болушу ыктымал. Бул лагерге Шинжаң районунда азчылыкты түзгөн мусулмандарды да жиберип турушат.
«Турсуналы [уулу] шинжаңдык кыргыз катары кандай ишке кийлигишээрин түшүнсө керек. Ал өзүнүн фейсбуктагы 2018-жылдын 8-октябрындагы акыркы билдирүүсүндө да ушуну кыйытып өткөн», — деп маалымдайт америкалык басылма.
Материалдын автору жана уйгур лингвисти Евгений Бунин Шинжаңдагы этникалык кыргыздар менен баарлашкан. Алардан Бунин музыкант жубайлар Ажыбек Дүйшө менен Гүлкайыр Айбаштын, андан сырткары, адабиятчы жана жазуучу Асанали Калиланын жоголуп кеткени тууралуу уккан. Алардын бардыгы Турсуналы уулу сыяктуу эле Шинжаңга барган бойдон «байланышка чыкпай калышкан».
«Жоголуп кеткен кыргыздардын тагдыры дайынсыз бойдон калууда»
Уйгур лингвисти Шинжаңдын тышкы дүйнөдөн бөлүнүп, ал жактагы бардык маалыматтар иргелгендиги үчүн Кытайда жоголгон кыргыздар менен «ар кандай нерсе» болуп кетиши мүмкүн деп кабатырланат. «Мындан улам көпчүлүк түрдүү кептерге ишенүү менен жакшы нерседен гана үмүттөнүп туруусуна туура келүүдө», — деп жазат журналист.
Журналист Кытайда дайынсыз болуп аткан кыргыздар боюнча комментарий алууну чечип, Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсесине кайрылууну чечкен. Ал жактан ага «адам укуктарын бузуу боюнча кайрылууларга дыкат иликтөө жана тактоо талап кылынат, ошондуктан аларды далилдөө кыйын» деп билдиришкен.
«Ал эми манасчы Тургуналы Турсуналы уулунун дайынсыз болуп жатканына байланыштуу кайрылуу боюнча текшерүүнү баштадык, бирок бизде азыр кандайдыр бир маалымат жок», — деп келтирет мекеменин айткандарын журналист.
Журналист айрым кептерге таянып Турсуналы уулунун Шинжаңдагы тагдыры «анчейин деле оор эмес» деп жазат.
«Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинин кээ бир мүчөлөрүнүн айтымында, жаш манасчы [Шинжаңдагы] камактан кутулуп, анын үстүнө үйлөнүп да алган. Бирок буга ишенүү кыйын. Анткени далилдер, сүрөттөр жана аны менен чыныгы байланыш жок», — деп жазат Бунин.
«Бул Кытайдын ички иши»
Шинжаңда жоголуп кеткен студенттердин тагдырларын билүүгө аракет жасоо менен Бунин алардын Кыргызстандагы мугалимдери жана декандары менен маектешкен. Ал мугалимдер «көбүнесе кайгырып, кыжаалат» болушканын, ал эми декандар менен жетекчилер «бетпактык» реакция жасашканын белгилейт. Ал «Манас» универститетинин проректору менен курган маегин мисал катары келтирген — аталган университетке Шинжаңдан 9 студент кайтып келе алышкан эмес.
«Алар [Шинжаңга] кайтып келгенде паспортторун алдыртып коюп жатышат. Бул алардын [Кытай бийлигинин] тактикасы. Биз эмне кыла алмакпыз? Бул [Кытайдын] ички иши», — деп келтирет Мокеевдин айткандарын журналист.
Foreign Policy жазгандай, Кыргызстандын бийлигине Шинжаңдагы кытайлык кыргыздардын жоголуп кетүүсү тууралуу даттануу менен кайрылышканда, алар да «Кытайдын ички иштери» деп айтышат.
Президент Сооронбай Жээнбековдун реакциясын Бунин минтип келтирет — ал 2018-жылы декабрда «анын өлкөсү Кытайдын ички иштерине кийлигише албайт» деп айткан. Ал эми кыргыз парламентинин депутаты Адил Жунус уулу өзүнүн бир тууганы Адылдын Кытайда кармоого алынышына комментарий берип жатып, анын бир тууганы «Кытайдын жараны болгондуктан», ал кийлигише албаарын айткан.
Кытайдагы кайра тарбиялоочу лагерлер тууралуу эмне белгилүү?
Шинжаңдын мусулман калкы кайра тарбиялоочу лагерлерге камалып, жоголуп кетип жатышкандыгы тууралуу эл аралык ири ЖМКлар иликтөө жасашкан. Бул тууралуу «Би-би-си», «Рейтер», «Медуза» жана башка басылмалар жазып чыгышкан.
Foreign Policyнин маалыматына ылайык, кайра тарбиялоочу лагерлер системасын Шинжаңдын азыркы башчысы Чень Куангуо 2016-жылы иштеп чыккан. Коомду көзөмөлдөө боюнча дал ушундай система Тибетте да иштейт.
Лагерлердин пайда болушу мусулмандык азчылыктардын абалын начарлаткан. ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, лагерлерде уйгурларды, казактарды, кыргыздарды жана башка этнос өкүлдөрүн кармашат. Шинжаңдын өзүндө бийлик видеобайкоо системаларынын жардамы менен толук бойдон коомдун жашоосун көзөмөлдөйт.
«Чень [Куангуо] районду бир гана полициялык мамлекетке айландырып гана тыйылган эмес. Ал жакта адамдардын жүзүн тааныган камералар орнотулуп, адамдардын кыймылы чектелип, полициялардын саны көбөйтүлгөн. Ошондой эле ал миллиондогон адам жатышы мүмкүн делген кайра тарбиялоочу лагерлерди түзүүгө катышкан», — деп жазат Foreign Policy.
Кытайдын бийлиги ушундай лагерлердин бар экендигин танбайт, бирок алар лагерлерди «профессионалдуу кайра даярдоочу борбор» деп аташат. Кытайлык аткаминерлердин айтымында, лагерлерге «экстремисттик идеялардын таасири алдында калган» адамдар гана түшүшөт.
2019-жылы январда дипломаттардын эл аралык делегациясы Кытайдын бийлигинин чакыруусу менен лагерлерди көрүп келген. Алар Кыргызстандан жана башка КМШ өлкөлөрдөн дипломаттарды чакырышканы менен Европа же батыш өлкөлөрүнөн бир да өкүл чакырылган эмес. Кыргызстандын ТИМи ошондо бул сапардын жыйынтыгын ачыктаган эмес.
«Кытай менен эки тараптуу мамилелер боюнча маселе бар. Бул биз үчүн маанилүү жана биринчи кезекте биз ушуну негизге алабыз. Ошондуктан [бул сапардын] деталдарын азырынча [айтып] бере албайбыз», — деп айткан ошондо ТИМдин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев.
2018-жылы февралда кыргыз ТИМи Кытайдагы «кайра тарбиялоочу лагерлердеги» этникалык кыргыздар тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирген.
ТЕМА БОЮНЧА: