Күйөөсү өрттөп жиберген аял тосмо арыз жазды, бирок иш жабылбайт

Ысык-Көл ОИИБи күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген келин арызын чакыртып алганын ырастады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жабыркаган аялдан тосмо арыз январдын аягында эле келип түшкөн — аял арызында күйөөсү менен жарашып, аны кечиргенин жана ага карата доосу жоктугун жазган.

«Бирок анын кылганы оор кылмыш болуп эсептелет, андыктан иш баары бир жабылбайт. Азыр тергөө дагы деле уланып жатат, ал камакта, иш сотко өткөрүлөт», — деп билдиришти ОИИБден.

«Өлтүрөм деп эле жүргөн». Караколдо күйөөсүнөн кордук көргөн аял үн катты

Ысык-көл облустук ооруканасына 4-январда Жети-Өгүз районунун 33 жаштагы тургуну денеси күйгөн абалда жеткирилген — ага күйөөсү бензин чачып, өрттөп жибергени кабарланган.

Облустук оорукананын травматология бөлүмүнөн келиндин колу жана бети күйгөнүн маалымдашкан.

Кылмыш Караколдо жүз берип, аялды өрттөөгө шектелген адам окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция аны эки күндөн кийин кармап, соттун чечими боюнча ал ТИЗОго киргизилген, ал эми кылмыш иши «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

Аялдарга карата зомбулук

Январь айынын биринчи аптасында милиция күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам эки аял көз жумганын ырастаган. Алардин бири 4-январда Баткенде, экинчиси 1-январда Нарын облусунда каза тапкан. Эки аялды тең күйөөлөрү такай сабап турган, ал эми окуя болгон күнү алар баштарынан жаракат алышкан. Бул кылмыштар бирдиктүү реестрге катталган.

Эки маркумдун артында бир нече балдары калган. Эми алар туугандарынын колунда чоңоюшу мүмкүн.

Ушундай адам өлтүрүү окуялары тууралуу ЖМКлар дээрлик ай сайын кабарлайт. Бирок бул учурлар ачыкка чыккандары гана.

Бул окуялардан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аялдар менен балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген.

«Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия. Коомдун үрөйүн учурган аялдарга карата жасалган катаал мамиле фактыларын мамлекет көңүл буруусуз калтырбайт. Ден соолугу чың, бактылуу аялзаты – бул бейпил үй-бүлөнүн жана бакубат улуттун кепилдиги», — деген ал.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт.

Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек.

Эгер милиция үй-бүлөлүк зомбулукту каттоодон баш тартса, ал мыйзам бузган болот. Ошондой эле кризистик борборлордогу юристтерден жардам сурап кайрылса да болот. Эгер сиз өзүңүздүн жана балдарыңыздын коопсуздугунан корксоңуз, анда кризистик борборлордо сизге жардам беришет. Алар сизге бир гана психологиялык эмес, юридикалык да жардам көрсөтүп, башпаанек бере алышат. Статистика боюнча, зомбулук курмандыктары көбүнесе милиция же оорукана эмес, дал ошол кризистик борборлорго кайрылышат.

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча сиз корук катты узарта аласыз — биринчиси үч күнгө, кийинкиси бир айга берилет, корук катты бузгандыгы үчүн зомбулук көрсөткөн адамга карата санкциялар каралган. Ал эми сот бул каттын негизинде зордукчуну жалпы турак үйдөн көчүрү же анын ата-энелик укуктарын чектеп коё алат.

БУЛ ТЕМА БОЮНЧА ОКУЯ