Абылгазиев үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан кыз-келиндердин окуясынан кийин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана балдарга жасалган катаал мамиле үчүн жазаны күчөтүүнү тапшырды.

Абылгазиевдин билдирүүсү 9-январда өкмөттүн сайтында жарыяланды. Анда өкмөт башчы «акыркы каргашалуу окуялар бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин ачык күбөлөндүрүп турганын» билдирип, «бул коом үчүн кооптуу белги» деп атады.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат», — деп билдирген Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчысы өлкөдө аялдардын жакындары тарабынан зомбулук көргөн учурлар аз эместигин белгилеп, узак жылдар бою зордук-зомбулук маселеси ачык айтылбай жаап-жашырылып келгенин кошумчалады. Ошондой эле бул бүтүндөй коомдун трагедиясы экенин айтты.

Мындын тышкары, Абылгазиев ИИМге жана соцөнүктүрүү министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен бирге үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көйгөйү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Нарын облусунун Жаңы-Жол айлында 1-январга караган түнү 36 жаштагы аял жолдошу тарабынан сабалып каза тапкан. Укук коргоо органдары анын бети-башы канжалаган абалда өз үйүнөн табышкан. Маркумдун күйөөсү жубайын ур-токмокко алганын моюндаган. Келиндин артында эки баласы жетим калды.

Ал эми бул окуядан көп өтпөй эле 4-январда Баткен облусунда ушундай эле окуядан улам 27 жаштагы келин көз жумган. Маркумдун артында үч баласы калды. Кылмышка шектелип анын күйөөсү кармалып, ага каршы «Адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Ал эми шектүү соттук чечими менен эки айга камалды.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул маалыматтар Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө жарыяланган.