Мамкаттоонун жаңы башчысы болуп Акын Мамбеталиев дайындалды

Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагалык кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Бул жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Акын Мамбеталиев 34 жашта. Ал буга чейин «Инфоком» маммекемесинин жетекчилик кызматын аркалаган.

«Мурдараак ведомствону башкаруу сунушу келип түшкөн, бул мен үчүн күтүүсүз болду», — деп айтып берген Мамбеталиев «Vesti.kg» басылмасына.

МККнын мурдагы башчылары

2020-жылдын 13-февралында МККнын мурдагы башчысы Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулган. Буга эмне себеп болгону айтылган эмес.

Ал бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт иштеген, ал эми ага чейин Балыкчы шаарынын мэрлик кызматында иштеген.

Мамбетов «Азаттык», «Клоопа» жана OCCRPнин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу 2019-жылы биргелешип чыгарган журналисттик иликтөөсү жарык көргөндөн кийин башталган кыргыз паспортторун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу чуунун шартында кызматтан кеткен.

Ошол эле жылы иликтөөнүн фигуранттарынын бири Айэркен Саймаитиге Эркин Самятов деген ысым менен 2003-жылы мыйзамсыз паспорт берилген факты аныкталган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2019-жылы жасалма паспортторду берүү боюнча 36 учур катталган. Кыргыз паспорттору чет элдик кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн, жалданып адам өмүрлөрүн кыйган кылмышкерлерден жана башка бедели күмөндүү адамдардан табылган.

Мамбетов МККнын башчысы болуп 2019-жылдын апрель айында Алина Шаикова отставкага кеткенден кийин дайындалган. Шаикова биометрикалык чет элдик паспортторду сатып алуу тендерине байланыштуу болгон жаңжалдын шартында кызматынан бошотулган.

Ал учурда МККнын экс-башчысы Алина Шаикова тендер «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» өткөрүлгөнүн билдирген, бирок кийин ал кызматтын жетекчилик кызматынан бошотулган. Август айында УКМК аны издөөгө жарыялаган.