УКМК Мамкаттоонун мурдагы башчысы Алина Шаиковага издөө салды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаиковага 5-августта издөө салды.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Шаикова чет мамлекеттик паспорттор тууралуу тендер боюнча кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп туруп суракка чакырууларды этибарга албай койгон.

«Башкы прокуратура тарабынан Шаиковага карата “Коррупция” беренеси менен көрсөтүлгөн кылмыш жасоого шектүү экендиги тууралуу билдирүү чыгарылган», — деп айтылат УКМКнын кабарында.

Атайын кызмат чет мамлекеттик паспортторду жасоо боюнча тендерди апрелден баштап иликтеп жатат — ал учурда УКМКнын кызматкерлери бул ишке кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Ошондой эле МККнын, «Инфокомдун» жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызмат адамдарына каршы да тергөө жүрүп жатат. УКМКнын версиясы боюнча, аталган кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон. Атайын кызмат келтирилген зыяндын өлчөмүн 253 млн сомго баалаган.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы күзүндө жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Ал кезде кызматты Алина Шаикова жетектеп турган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.